20 Теке архиви

2018-жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тест тапшыруу башталат
20
Теке

2018-жылдан тартып, кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тесттен өтүү мүмкүнчүлүгүн ала алышат. Мындай талап «Мамлекттик тил жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарда белгиленген. КР Мамлекеттик кадр кызматы бүгүнкү күндө кыргыз тилин билүүгө тийиш болгон мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесин иштеп чыгууда.   Тиешелүү кызмат орундары үчүн деңгээл КР Өкмөтү жакында эле бекиткен «Кыргызтест» бирдиктүү Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: 2017-жылдын январь-май айлары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 224,8 млн АКШ долларын түздү жана 29,3% көбөйдү
20
Теке

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: 2017-жылдын январь-май айлары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 224,8млн АКШ долларын түздү жана бул 29,3% көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз  Республикасынын вице премьер-министри  Олег Панкратов  бүгүн, 20- июлда, «Кыргызстан  Евразиялык  экономикалык биримдикте, жыйынтыктар, маселелер, келечек» аталышында өткөн тегерек стол жыйынында билдирди. «Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы жаңы интеграциялык эрежелерге ыңгайлашуу этабынан өтүүдө. Ыңгайлашуу мезгилиндеги бардык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Ыңгайлуулук жана коопсуздук туристтер үчүн мыкты реклама
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда, тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен 2017-жылдагы жайкы эс алуу сезону боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.   Жолугушуунун катышуучулары эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. «Бүгүнкү күндө тоо туризмине карата чет элдиктердин кызыгуусу артууда. Уландысы

Кайрат Мусаев жаңыдан түзүлгөн Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда буйрукка кол койду. Ага ылайык Мусаев Кайрат Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-жылдын 14-июлундагы №432 токтому менен «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары системасын реформалоо боюнча иш чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР