24 Теке архиви

Талас облусундагы облустук жана райондук ооруканалар капиталдык оңдоодон өтөт
24
Теке

«Мамлекет тарабынан социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биз аларды этабы менен өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз», -  деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков.  Бүгүн, 24-июлда, Өкмөт  башчы Талас облусундагы социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анын айтымында мектеп жана мектепке чейин билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулган болсо, азыркы тапта саламаттыкты сактоо тармагына басым жасалууда. Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековду Талас облусундагы МТС түйүндөрүнүн кеңейиши жана жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү канаттандырды
24
Теке

«Акыркы кезде экономиканын туруктуу өнүгүүсүнөн улам, айыл чарбасынын комплекстүү өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Анын катарында МТС түйүндөрүнүн кеңейиши да бар». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда, Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө билдирди. Өкмөт башчы Талас районуна караштуу Манас айылындагы  «Ак-Сай сервис» машина-трактордук станциясынын  ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекеттик райондук администрация башчысы – Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Талас жана Жалал-Абад облустарына барат
24
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда. Бүгүн, 24-июлда, Өкмөт башчы Талас облусуна барат. Ал инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Тактап айтканда, Премьер-министр Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн абалын, Талас районунун Жон-Арык айылындагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү жана Кара-Буура районуна караштуу Коргон-Сай айылындагы орто мектептин абалын көрөт. Мындан Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Биз ак илбирстин тукумун сактап калышыбыз керек
24
Теке

Биз жаратылышыбыздын символдорунун бири болгон ак илбирстин тукумун сактап калышыбыз керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Саммит өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында билдирди. «Бир айдан кийин Бишкек шаарында ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Саммит өтөт. Бул абдан маанилүү иш чара, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР