15 Баш оона архиви

Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” санарип трансформациясынын программасынын долбоорлорун ишке ашыруунун азыркы абалы менен таанышты
15
Баш оона

Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” санарип трансформациясынын программасынын долбоорлорун ишке ашыруунун азыркы абалы менен таанышты жана тиешелүү жабдууларды карап чыкты. “Таза коом” санарип трансформациясынын программасынын алкагында калктын мамлекеттик тейлөөгө мүмкүнчүлүк алуусун кеңейтүү максатында ар бир айыл өкмөтүнүн деңгээлинде (453 а/о) маалыматтык киоскторду түзүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. “Таза коом” маалыматтык киоску жарандардан мамлекеттик тейлөө алууга болгон Уландысы

Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Арзыкан Бекбоева мекендештерин турак жайларын камсыздандырууга чакырды
15
Баш оона

Бүгүн, 15-августта маалымат жыйынынын жүрүшүндө Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы башкармалыгынын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева ушул жылдын июль айында турак жайы селден жабыркаган Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Арзыкан Бекбоевага 500 миң сом камсыздандыруу төлөмүн төлөө боюнча сертификат тапшырды. Арзыкан Бекбоева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мекендештерди милдеттүү түрдө турак жайын камсыздандырууга чакырды. «2016-жылы «Мамлекеттик Уландысы

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму башкармалыгынын төрагасы Ж. Эгамбердиева: 2017-жылдын 7 айында турак-жайды камсыздандыруу боюнча 30мищден ашуун макулдашуу түзүлдү
15
Баш оона

2017-жылдын 7 айында турак-жайды камсыздандыруу боюнча 30мищден ашуун макулдашуу түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Жумагүл Эгамбердиева маалымат жыйынынын жүрүшүндө маалымдады. Жумагүл Эгамбердиева белгилегендей, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК ишмердүүлүгү социалдык мүнөзгө багытталган, негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат. «Бул мамлекеттик программа камсыздандыруунун жещилдетилген варианты. Жарандар өздөрүнүн  мүлктөрүн камсыздандыруу Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ — «Мамлекеттик камсыздандыруу уюуму» ААК ишмердүүлүгү жана жакынкы аралыкта аткара турган пландары» тууралуу маалымат жыйыны
15
Баш оона

Бүгүн, 15-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Мамлекеттик камсыздандыруу уюуму» ААК ишмердүүлүгү жана жакынкы аралыкта аткара турган пландары» тууралуу маалымат жыйыны өттү. Маалымат жыйынга Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы башкармалыгынын төрайымы Жумагүл Эгамбердиева катышты.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ысык-Ата районундагы жаратылыш кырсыгы катталган аймактардан кабар алды
15
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 14-августта, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 2017-жылдын 11-августунда катуу жааган жаандын кесепетинен жабыркаган аймактардан кабар алды. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Өкмөткө караштуу архитектура курулуш жана коммуналдык турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов учурдагы Уландысы

Сооронбай Жээнбеков: Санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө – Кыргызстандын стратегиялык милдети
15
Баш оона

Келечекте санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө – Кыргыз Республикасынын  стратегиялык милдети. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15- августта, «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөттүк кеңештин биринчи жыйынында билдирди. «Мамлекеттик башкаруу системасына заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселеси жана аталган тармакты реформалоого өлкө жетекчилиги өзгөчө  көңүл  бурууда. Бүгүн биз жаңы технологияларды алып жүргөн Уландысы

Кыргызстанга жумуш сапары менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов келет
15
Баш оона

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов эртең, 16-августта, Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келет. Эртең, 16-августта, Бишкек шаарында Премьер-министрлердин катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуучу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт. «Өзбекстандын Премьер-министринин иш сапары жана Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө жакшы дем берет. Өзбекстандын жетекчилиги Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР