Аяк оона 2017 айынын архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту
29
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-сентябрда, Россия Федерациясына болгон  расмий  сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту. Өкмөт башчы  бүгүнкү күндө кыргыз-орус мамилелери өнүгүүнүн сапаттык жаңы учуруна келгенин, бул эки мамлекеттин күч-аракети менен ишке ашып жатканын билдирди. Аны менен бирге Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгына Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту
29
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы  Вячеслав Володин менен жолукту. Өкмөт башчы кыргыз-орус стратегиялык кызматташуусун өнүктүрүүнүн  жогорку динамикасын белгилеп, жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди. Сапар Исаков белгилегендей, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин  ушул жылы Кыргызстанга Уландысы

Биринчи Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: “Кошой” заводун ишке киргизүү – өлкөнүн өндүрүш коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам
29
Аяк оона

“Кошой” заводун  ишке киргизүү – өлкөнүн өндүрүш коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам. Бул тууралуу бүгүн 29-сентябрда, “Кошой” заводун ишке киргизүү аземинде Кыргыз Республикасынын  Биринчи Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди. 2005-жылдан бери ишке ашпай келген – “Кошой” заводунун ишке кириши–өлкөбүз үчүн маанилүү окуя болду. Заводду заманбап жабдуулар менен  ишке киргизүү үчүн  2016-жылы  Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фондунан ишканага     10 Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Россия Федерациясына расмий сапары менен келди
29
Аяк оона

Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Россия Федерациясына  расмий сапары менен барды. Өкмөт башчысын Москва шаарынын Внуково Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана  ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Россия Федерациясынын КМШ өлкөлөрүнүн  үчүнчү Департаментинин директору ТИМ Александр Стерник ардактуу кароол  ротасынын катышуусунда тосуп алышты. Премьер-министр расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: Кыргызстан Индия менен кызматташууга өзгөчө көңүл бөлүп, анын мындан ары тереңдешин колдойт
28
Аяк оона

Бүгүн, 28-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Индия Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар менен жолукту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тармагында актуалдуу маселелер талкууланды. Өкмөт башчы Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министрине жакында Бишкек шаарында болгон «Азыркы замандагы светтик мамлекеттеги Ислам» Эл аралык конференциясына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай иш чараларды өткөрүү Кыргыз Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны
28
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-202 0-жылдарга  болжолу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана 2017-2018-жылдарга күз-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономика тармактарынын даярдыгынын  жүрүшү боюнча маселелер каралды. Ушул маселелер боюнча Финансы министри Адылбек Касымалиев, Өнөр жай, энергетика жана жер Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин өкүлү Петер Буриан менен «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруу тууралуу талкуулады
28
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, экспортерлорду колдоого, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашырууда бизнес тутумунун активдүү  катышуусуна  кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан менен болгон жолугушууда билдирди. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаковдун чечими менен 2017-жылдын 1-октябрынан тартып ипотекалык насыя боюнча 8% төмөндөө болот
28
Аяк оона

2017-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча 8% төмөндөө болот. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүнкү ипотекалык кредит боюнча пайызды төмөндөтүү маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде кол койду. Финансылык ресурстарды көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртуу болуп, Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири “Жаңы доорго-кырк кадам” программасы экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Өкмөт башчы тарабынан Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Уландысы

1 2 3 4 13
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР