11 Аяк оона архиви

Премьер-министр Сапар Исаков: Улуттук онкология борбору «Таза коом» долбоорунун алкагында модернизацияланган алгачкы пилоттук оорукана болот
11
Аяк оона

«Улуттук онкология борбору «Таза коом» долбоорунун алкагында модернизацияланган алгачкы пилоттук оорукана болот. Мекеменин бардык дарыгерлери бейтаптардын ооруларын  электрондук каттоодон өткөрүү үчүн планшет менен камсыздалат. Биздин негизги максат онкологиялык илдеттен каза болгон жарандардын санын азайтуу», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-сентябрда, Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборундагы жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышуу маалында. Уландысы

Равшан Абдуллаев Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды
11
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Абдуллаев Равшан Бахтиярович Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Махамаджан Иминов Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду
11
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Махамаджан Иминов Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

Өкмөт жана Центерра “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын ачты
11
Аяк оона

2017-жылдын 11-сентябрында, Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.»  компаниясынын ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Стратегиялык Макулдашууга кол коюлду. Стратегиялык Макулдашуу узакка созулган сүйлөшүү жана кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы болуп,  «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт. «Центерра Голд Инк» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого карата иш-чараларды өткөрүүнү каржылоо,  биринчи кезекте Ысык-Көл Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР