12 Аяк оона архиви

Премьер-министр Сапар Исаков: «Бизнес «Таза Коом» программасына көмөктөшө баштады»
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-сентябрда, Борбордук Азиядагы Америка Университетинде Коомдук ТВ жана радио менен биргеликте уюштурулган бизнес, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлдөрдүн жана студенттердин катышуусунда өткөн  Namba One жаңы мобилдик сунуштамасынын бет ачарына катышты. Долбоордун бет ачарынан кийин Премьер-министр  өз сөзүндө КР Өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан «Таза Коом» программасын, бизнес калкка мамлекеттик Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрдү
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2017-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары  боюнча жыйын өткөрдү. Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, 2017-жылдын январь-август айларында респуликалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү 73 251,5 млн. сомду түзүп 100,1% жетти. «2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 10 526,1 млн. сомго көп болду. Салыктын түшүүсү 56 688,8 млн. сомду түзүп, Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстанда өткөн Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасында өткөн Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапары маанилүү окуя болуп калды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча максималдуу Уландысы

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров тийиштүү мамлекеттик органдарга бир айлык мөөнөттө өлкөдө жол кырсыгынын санын азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө буйрук берди
12
Аяк оона

Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо системасын жакшыртуусун жүзөгө ашыруу үчүн аткарыла турган Комплекстүү иш-чаралардын  Планын ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйында Темир Жумакадыров өлкөдө жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кабыл алынган чаралар канааттандыраарлык эмес экендигин жана өлүмгө алып келген жол кырсыктарынын санынын өсүп жатканын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Жолугушууда  Премьер-министр Сапар Исаков экономика тармагындагы даярдык графигин сактоо жана калктын 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине  даярдык көрүүсүнө көңүл бурууну милдеттендирди. «Ар бир аймакта түзүлгөн облустук штабдар калктын жана бюджеттик уюмдардын өз убагында көмүр менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР