16 Аяк оона архиви

Премьер-министр Сапар Исаков белгилүү Россиялык боксерлор Дмитрий Бивол жана Сергей Кузьмин менен жолукту
16
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Кыргызстанга  мелдештин алдынан машыгууга келген белгилүү Россиялык боксерлор Дмитрий Бивол жана Сергей Кузьмин менен жолукту. Өкмөт башчы спортчулар менен учурашып, алар менен өлкөдөгү бокс  тармагын өнүктүрүү боюнча сүйлөштү. Дмитрий Бивол менен Сергей Кузьмин Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан машыгуулары тууралуу Премьер-министр менен ой бөлүшүп, өлкөнүн кооз  жаратылышы жана андагы Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Токмок шаарынын борбордук базарына барды
16
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарынын борбордук базарына барды. Өкмөт башчы борбордук базарындагы соодагерлер, шаар тургундары менен да баарлашты. Жергиликтүү калк инфраструктуралык жана социалдык маселелерди көтөрүшүп, суроолоруна жеринде жооп ала алышты жана Токмок шаарынын мэрине козголгон маселелелер боюнча тактап, чечүүнү тапшырды. Премьер-министр бул багытта Өкмөттүн аймактарды Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: Ишкерлер өлкөнүн ЕАЭБ мүчөлүгүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышы керек
16
Аяк оона

Ишкерлер Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн  активдүү пайдаланышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында билдирди. Премьер-министр эт азыктарын иштетүүгө багытталган «Адал-Азык» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 100 киши иштеген ишкананын өндүрүш кубаттуулугу суткасына 20 тонна этти  иштетүүгө жетет. Чыгарылган азыктар ички рынокко Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тиешелүү тараптарга бир топ тапшырмаларды берди
16
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, Ысык-Ата аймактык ооруканасы 1978-жылы курулуп, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Оорукана 270 бейтапка ылайыкталып, Ысык-Ата районунун тургундарын тейлейт. Сапар Исаков 2017-жылдын аягына чейин Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР