19 Аяк оона архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп баарлашты
19
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бүгүн, 19-сентябрда, Нарын мамлекеттик университетинин  ишмердүүлүгү менен таанышып, мугалимдер жамааты жана студенттен менен жолугушту. Студенттер менен болгон жолугушууда «Таза Коом» «Жаңы доорго 40 кадам» программалары тааныштырылды. Премьер-министр Сапар Исаков студентерге жаңы Өкмөттүн программасында билим берүү тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулганын  баса белгилеп, жаштарды дайыма Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нарындын борбордук базарына барды
19
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-сентябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Нарындын борбордук базарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов Премьер-министрге шаардагы инфраструктуралык өзгөрүүлөр, базардагы сатуучулар үчүн коопсуздук чаралары тууралуу түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берди. Өкмөт башчы сатуучулар менен сүйлөшүп, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле Нарын шаарындагы аз камсыз болгон Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын аймактык ветеринардык дартты аныктоо жана экспертиза борборун ишке киргизүүнү тездетүүнү тапшырды
19
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 19-сентябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак үйдүн курулушу менен таанышты. 2017-жылдын апрель айында курулушу башталган турак үй республикалык бюджеттен каржыланууда. Жалпы сметалык наркы 48 млн. 233 миң 415 сомду түзөт. Учурда турак жайдын дубалы толугу Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нарындагы Борбор Азия Университетинин мугалимдери жана студенттери менен жолукту
19
Аяк оона

Эч качан өз принцибиңерди өзгөртпөгүлө, ошондо силер жашоодогу көп ийгиликтерге жетесиңер. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-сентябрда, Нарын облусунун Нарын шарында жайгашкан Борбор Азия Университетинин мугалимдери жана студенттери менен жолукканда билдирди. «Борбор Азия Университетин түзүү — биздин өлкө үчүн чоң окуя. Аталган университет дүйнөлүк талапка жооп берген жогорку окуу жайы. Жаңы окуу Уландысы

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусундагы бир катар айыл чарба объектилеринин курулушу жана учурдагы абалы менен таанышты
19
Аяк оона

Бүгүн, 19-сентябрь күнү, Баткен облусуна болгон жумуш сапанырын алкагында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусундагы курулушу бүткөн аймактык биофабриканын имаратын  көрдү. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин алдындагы Кыргызагробиоборборунун директору Жаңыбай Туманов аталган объекти куруу иштери 2016-жылдын октябрь айында башталганын билдирди. Бүгүнкү күндө баардык куруу иштери бүтүрүлгөн жана эксплуатацияга берүү Уландысы

Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусундагы шайлоо участкалык комиссияларынын материалдык-техникалык базасын сапаттуу камсыз кылууну тапшырды
19
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү жана даярдоодо уюштуруу техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 19-сентябрда Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Баткен облусу боюнча референдум жана шайлоо өткөрүү Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нарынга индустриялык соода-логистикалык борборун куруу боюнча планды иштеп чыгууга бир жума убакыт берди
19
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 19-сентябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ата-Башы районундагы индустриялык соода-логистикалык борбору курулуучу аймакка барды. Ал курулуш иштери боюнча  планды иштеп чыгууга Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигине бир жума убакыт берди. «Пландын ичине жерди трансформациялоо, электр энергиясын киргизүү, суу менен камсыз кылуу жана аймактын тегерегин толук тосуп Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР