21 Аяк оона архиви

Премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн курулуш компанияларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 21-сентябрда, өлкөнүн курулуш компанияларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы аларга өлкөнүн экономикасына жана курулуш секторуна олуттуу салымын кошкондугу үчүн өз ыраазычылыгын билдирди. Сапар Исаков ата-мекендик компанияларга толук колдоо көрсөтүүгө жана кызматташууга даяр экендигин белгиледи. «Бүгүнкү күндө айрым курулуш компаниялары менен мамлекеттик органдардын ортосунда көп маселелер бар. Мен сиздер Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Биз бизнес менен иштөөнүн жаңы форматын түзөбүз»
21
Аяк оона

«Биз бизнес менен иштөөнүн жаңы форматын түзөбүз, биз мындан да жакын болушубуз керек. Мен бизнестеги эң орчундуу көйгөйлөр бул жерде ачык айтылышын каалайт элем, ошондо бул маселелерди чечүүгө Өкмөт реалдуу чараларды кабыл алмак», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынында. Өкмөт башчы Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Д.Зилалиевге эскертүү берип шайлоо боюнча Штабдын төрагасынын милдетин Темир Жумакадыровго жүктөдү
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасынын милдеттерин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөөнү тапшырды. Премьер-министрдин мындай чечими Дүйшөнбек Зилалиевдин талапкерлердин бирине өзүнүн жеке  артык көрүүсүн жарыялоосуна баланыштуу болду. Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР