28 Аяк оона архиви

Премьер-министр Сапар Исаков: Кыргызстан Индия менен кызматташууга өзгөчө көңүл бөлүп, анын мындан ары тереңдешин колдойт
28
Аяк оона

Бүгүн, 28-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Индия Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар менен жолукту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тармагында актуалдуу маселелер талкууланды. Өкмөт башчы Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министрине жакында Бишкек шаарында болгон «Азыркы замандагы светтик мамлекеттеги Ислам» Эл аралык конференциясына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай иш чараларды өткөрүү Кыргыз Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны
28
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-202 0-жылдарга  болжолу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана 2017-2018-жылдарга күз-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономика тармактарынын даярдыгынын  жүрүшү боюнча маселелер каралды. Ушул маселелер боюнча Финансы министри Адылбек Касымалиев, Өнөр жай, энергетика жана жер Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин өкүлү Петер Буриан менен «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруу тууралуу талкуулады
28
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, экспортерлорду колдоого, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашырууда бизнес тутумунун активдүү  катышуусуна  кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан менен болгон жолугушууда билдирди. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаковдун чечими менен 2017-жылдын 1-октябрынан тартып ипотекалык насыя боюнча 8% төмөндөө болот
28
Аяк оона

2017-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча 8% төмөндөө болот. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүнкү ипотекалык кредит боюнча пайызды төмөндөтүү маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде кол койду. Финансылык ресурстарды көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртуу болуп, Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири “Жаңы доорго-кырк кадам” программасы экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Өкмөт башчы тарабынан Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков алгачкы жолу расмий иш сапары менен Россия Федерациясына барат
28
Аяк оона

2017-жылдын 29-30-сентябрында  Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сапар Исаков алгачкы жолу  расмий  иш сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул 1991-жылдан бери өлкөнүн жаңы тарыхындагы Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин Россияга болгон алгачкы расмий иш сапары. Өлкө башчынын  буга чейинки бардык иш сапарлары жумуш боюнча болуп келген. Ошондой эле бул Сапар Исаковдун  Премьер-министр катары Россияга болгон алгачкы иш сапары . Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери менен жолукту
28
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Өкмөт башчы студенттердин 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү багытындагы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча берген суроолоруна жооп берди. Анда өлкөгө сырттан инвестиция тартуу, жумушсуздук маселесин чечүү, ЖОЖ билим алууга каражат төлөө сыяктуу маселелер талкууланды. Суроолорго жооп берип жатып,  Премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолукту
28
Аяк оона

Жолугушууда учурдагы долбоор жана мындан аркы биргелешкен кызматташтыктын келечеги тууралуу сөз болду. Өкмөт башчы Бүткүл Дүйнөлүк Банк  өлкөдөгү бир катар социалдык-маанилүү долбоорлорду ишке ашыруучу Кыргызстандын бирден бир өнөктөшү болуп саналарын билдирди. «Биздин биргелешкен күч арекетибиз айрыкча «Digital CASA» биргелешкен долбоорунун  алкагында өлкөнүн  социалдык абалын камсыз кылууга багытталган. Мындан тышкары биз мамлекеттик чыгымдарды оптимизациялоого мүмкүнчүлүк берген  Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР