30 Аяк оона архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Россиянын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолукту
30
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолукту. Жолугушууда Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан элдин  диндер аралык ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө багытталган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашырууда. Сапар Исаков өлкөдө динди  руханий жактан өнүктүрүүгө жана ар тараптуу колдоого өзгөчө маани Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Россиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолукту
30
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарында Россия Федерациясынын аймагында жашаган кыргыз диаспораларындагы мекендештер, ишкелрер жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда Өкмөт башчы алардын бир катар суроолоруна жооп берип, чет жакта жүргөн мигранттарга жакшы шарттарды түзүүгө багытталган Өкмөттүн миграциялык саясат чөйрөсүндөгү аткарып жаткан иштери тууралуу айтып Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Москва шаарында жайгашкан бүткүл россиялык көргөзмө борборундагы «Кыргызстан» павильонуна барып, «Коопсуз шаар» системасынын иши менен таанышты
30
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарында жайгашкан бүткүл россиялык көргөзмө борборундагы «Кыргызстан» павильонунун оңдоо иштери менен таанышты. Өкмөт башчысына маалымдагандай, соода көргөзмө борборунун негизги багыты Кыргызстан менен Россиянын  ортосунда илимий-техникалык, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат. Бул борбордо дайыма кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына арналган Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Үй-бүлөнү сактоо – бул чоң искусство
30
Аяк оона

Үй-бүлөнү сактоо – бул чоң  искусство. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган 2017-жыл – Ыйман маданият жана адеп жылынын алкагында  өткөрүлүп жаткан Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш чарада билдирди. Иш чарага республиканын бардык аймактарынан  чогулган 50 жылдан ашык бир үй-булө болуп жашаган жарлар Уландысы

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Нарын облусундагы шайлоо тилкелерин көрүп чыкты
30
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Темир Жумакадыров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы  Нуржан  Шайлдабекова  менен Нарын облусунун Кочкор жана Нарын райондорунун, аны менен бирге Нарын шаарындагы айрым  участкалык  шайлоо тилкелерине барып, андагы даярдык иштерин көрүп чыкты. Андан соң саясий өнөктүккө кам көрүү боюнча  республикалык штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР