Тогуздун айы 2017 айынын архиви

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан жабыр тарткан ишкерлерди колдоо боюнча чараларды көрүү чечимин кабыл алды
30
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-отябрда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчысы эске салгандай, ушул жылдын 10-октябрында, казак тараптын чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарындагы текшерип өткөрүү эрежелерин күчөткөндүгүнө байланыштуу кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгон. Премьер-министр келип чыккан кырдаалдан Кыргызстандын, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишкерлери Уландысы

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев: Бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири
30
Тогуздун айы

Бизнеске ыңгайлуу шарт түзүп, ата-мекендик ишкерлерди колдоо Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев Бишкек шаарында жайгашкан Борбор Азиядагы ири соода түйүндөрүнүн катарындагы  «Стройпарк» курулуш маркетинин ачылыш аземинде билдирди. Вице-премьер-министр өлкөдө ашыкча салык төлөө жана тынымсыз текшерүүлөрдү кыскартуу менен Өкмөт бизнесе ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын баса белгиледи. «Кыргызстанда бизнеске болгон Уландысы

Өкмөт өлкөдө ЕАЭБдин талаптарына ылайык курулуп жаткан жана оңдоодон өткөн ветеринардык, фитосанитардык лабораториялар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет
28
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өлкөдөгү бажы инфраструктурасын жакшыртууга жана ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды курууга Казакстан Республикасы тарабынан техникалык колдоо катары бериле турган 100 млн. АКШ доллары боюнча эки мамлекеттин Өкмөттөр аралык келишимин денансациялоо маселесин карагандыгына байланыштуу, өлкөдө курулуп жаткан жана толук модернизациялоодон өткөн ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Улуу Британиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит менен жолукту
28
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-октябрда, Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы  элчинин өз ишмердүүлүгү учурунда эки мамлекеттин мамилесин бекемдөөгө зор салым кошкондугун белгиледи. Ошондой эле, тараптар «Таза коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу чараларын Уландысы

Данияр Бакчиев Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды
28
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Бакчиев Данияр Бакытбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо  бөлүмү

Илияз Ташбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы болуп дайындалды
28
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Ташбаев Илияз Азизбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо  бөлүмү

Азамат Мамбетов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
28
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Мамбетов Азамат Муратович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо  бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков күнүмдүк керектөөлөрдү тейлөө комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты
28
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин күнүмдүк керектөөлөрдү тейлөө комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкмөт башчысына маалымдагандай, комбинаттын негизги милдети бекитилген буйрутмалардын негизинде КР Башкы Штабынын, КР Куралдуу күчтөрүнүн, КР Улуттук Гвардиясынын, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер кызматкерлерин убагында керектүү форма менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Бүгүнкү Уландысы

1 2 3 4 15
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР