4 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков ушул жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү
4
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда, ушул жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйында финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев, Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов 2017-жылдын январь-сентябрь айларында респбуликалык бюджетке 97 857,3 млн. сом каражат түшүп, бул 102,2 % түзгөнүн билдиришти. 2016-жылдын Уландысы

Нургазы Нишанов «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды
4
Тогуздун айы

Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Нишанов Нургазы Нурланович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Буга чейин Нургазы Нишанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

Премьер-министр Сапар Исаков кооптуу аймактарда жашаган калкты тез арада көчүрүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды
4
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда, жаратылыш кырсыктарына кабылган кооптуу аймактарда жашаган калкты  тез арада көчүрүү маселеси боюнча селектордук жыйын өткөрдү. Иш чарага тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Өкмөт башчы  ушул жылы Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда катталган жаратылыш кырсыктары жана андан адам өмүрүнө зыян келген Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1» долбоорунун алкагында экспортерлор жеңилдетилган насыя алууга мүмкүнчүлүк алышты
4
Тогуздун айы

«Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1» долбоорунун алкагында экспортерлор жеңилдетилган насыя алууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды колдоо боюнча өткөн жыйында билдирди. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1» долбоорун ишке ашыруда. Аталган долбоордун башкы максаты ишкерлик субъектилерге, башка Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Манас» аэропортунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча жетекчиликтин алдына бир катар тапшырмаларды койду
4
Тогуздун айы

Бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков аэропортто өткөргөн күтүүсүз рейддин жыйынтыгы боюнча «Манас» эл аралык аэропортунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчысы жарандарды каттоодон өткөрүү, учуруу жана келип түшүү шарттарына нааразы болгонун белгиледи. Премьер-министр тишелүү мамлекеттик органдарга айдын аягына чейин,  бажы контролунун “жашыл” коридорунун туура иштешин камсыз кылуу, кызматкерлерге англис тилинин жөнөкөй негиздерин Уландысы

Вице-премьер-министр Д.Зилалиевге катуу сөгүш берилди
4
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Мындай дисциплинардык чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде 2017-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жоопкерчилигине Уландысы

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: Калк арасында көмүрдүн баасын атайылап көтөрүү болбошу керек
4
Тогуздун айы

Аймактарда көмүр базалары өздөрүнүн так милдеттерин аткарып, калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылышы керек. Калк арасында көмүрдүн баасын атайылап көтөрүү болбошу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 4-октябрда, Талас облусуна болгон жумуш сапарында билдирди. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Талас облусунда 2017-2018-жылдарга күз-кыш мезгилине карата калктын даярдыгы боюнча облустук штабдын жыйынын өткөрдү. «Аймакта Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Манас» аэропортунда күтүүсүз рейд өткөрдү
4
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда,  аэропорттун ишмердүүлүгүнө көптөгөн жарандардын нааразылыктарынан улам, «Манас» Эл  аралык аэропортуна күтүүсүздөн барып рейд өткөрдү. Текшерүү маалында Өкмөт башчы жүргүнчүлөр кирүүчү жана чыгуучу залга, аэропорттун жүктөр бөлүмүнө барып, ал жердеги жүргүнчүлөр менен баарлашты. Сапар Исаков чек ара текшерүү пунктунан өтүүчү жердеги жана бажы текшерүү бөлүгүндөгү «кызыл» коридордо кезек күтүүлөр Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР