5 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Жумгал районунун жергиликтүү тургундары менен жолукту
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-октябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана жергиликтүү тургундары менен жолукту. Жолугушууда Премьер-министр жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана калктын бакубат турмушун жакшыртууга багытталган Өкмөттүн «Жаңы доорго — кырк кадам» программасы жана жогорку технологиялык негизде ишке ашуучу «Таза Коом» программаларын иш жүзүнө ашыруу тууралуу айтып берди. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Кайырбүбү Нуралиеванын үй-бүлөсүнөн кабар алды
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков көп балалуу Кайырбүбү Нуралиеванын үй-бүлөсүнө барды. Анын уулу Дуулатбек улуу Эламан бала чагынан бери көзү азиз. Кайырбүбү Нуралиеванын жети баласы бар. Үй-бүлө социалдык колдоого муктаж. Премьер-министр алардын үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөттү. Ошондой эле Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Эламандын ден-соолугуна карата аны медициналык дарылоодон өткөрүүнү тапшырды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Уландысы

Темир Жумакадыров: Бишкек президенттик шайлоону өткөрүүгө даяр
5
Тогуздун айы

Бишкек президеттик шайлоону өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров бүгүн, 5-октябрда, президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Бишкек шаарынын штабынын отурумунун жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Темир Жумакадыровдун айтымында, республикалык штабдын мүчөлөрү өлкөнүн дээрлик бардык облустарын кыдырып, штаб отурумдарын өткөргөн. “Бүгүн биз бардык участкалык комиссиялардын даярдыгы, электр тогу, байланыш жана бардык керектүү Уландысы

Сапар Исаков Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы орто мектептин курулушун аягына чыгарууну жана «Түндү-Түштүк» альтернативдик жолунун сапатына көңүл бурууну күчөтүүнү тапшырды
5
Тогуздун айы

Тиешелүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарында билдирди. Өкмөт башчы Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы 570 балага ылайыкталган орто мектептин абалы менен таанышты. Окуу класстарында балдардын саны көп болгондуктан кошумча имарат куруу муктаждыгы бар. Мектептин аймагында 1989-жылы курулушу башталып, 1991-жылы  бүтпөй токтоп калган имарат турат. Азыркы тапта жаңы долбоор Уландысы

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: Калктын жетиштүү көлөмдө көмүргө ээ болуусу үчүн жер-жерлерде бардык шарттар түзүлдү
5
Тогуздун айы

Алдыдагы кыш мезгилине даярдык көрүү менен калктын жетиштүү көлөмдө көмүргө ээ болуусу үчүн жер-жерлерде бардык шарттар түзүлдү. Муну эске алып, жарандарды суук түшкөнчө азыртадан көмүр алууга чакырам. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүшөнбек Зилалиев бүгүн, 5-октябрда, Жалал-Абад жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билдирди. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата бир катар социалдык Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: Мугалимдердин эмгеги менен өлкө өнүгүп анын келечеги түптөлүүдө
5
Тогуздун айы

Мугалимдердин эмгеги менен өлкө өнүгүп анын келечеги түптөлүүдө. Мугалимдер өнүгүүгө жана жаркын келечекке багыт алган коомдун башаты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-октябрда, «Мыкты мугалим-2017» республикалык кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу иш чарада билдирди. Өкмөт башчы мугалидик кесиптин өзгөчөлүгүн баса белгилеп, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. «Мугалимдерин жашоосуна жакшы шарт түзүү, Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болот
5
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 5-6-октябрда эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болот. Иш сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы бир катар билим берүү, социалдык жана айыл чарба объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү жана абалы менен таанышып, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автожолунун айрым тилкелеринин курулушун карап чыгат. Сапар Исаков Жумгал районундагы Баш-Кууганды айлынын орто мектебинин абалы менен таанышып, “Түндүк-Түштүк” Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР