6 Тогуздун айы архиви

9-октябряда электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке киргизүү боюнча долбоорунун бет ачары өтөт
6
Тогуздун айы

2017-жылдын 9-октябрда, дүйшөмбү күнү Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке киргизүү боюнча долбоорунун бет ачары өтөт. Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталын түзүмүнүн бет ачарына министрлик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргызстанда аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталы – Уландысы

2017-жылдын 9 ай ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 3 624 жазуу түрүндөгү жана 1145 жарандардын оозеки кайралуулары келип түшкөн
6
Тогуздун айы

2017-жылдын 9 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 3 624 жазуу түрүндөгү жана 1 145 жарандардын оозеки кайрылуулар кабыл алынган. Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына -174 кайрылуу, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине – 572, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы аркылуу – 661 кайрылуу, электрондук кайрылуулардан – 620, КМШ жана башка чет Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Кочкор районунун Кочкор айылына жаңы суу тосмо курууну тапшырды
6
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор айлынын “Тогуз-Булак” жер тилкесиндеги суу тосмонун абалын карап чыкты. Кочкор айылы эки булактан таза суу менен камсыз болот. Бул үчүн 1993-жылы “ашар” ыкмасы менен атайын суу түтүктөрү коюлуп, эки кароочу кудуктар курулган. Тазалоонун тийиштүү системасынын жоктугунан улам, берилип жаткан суу хлордоштурулбайт. Ошондой эле Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүнөн кабар алды
6
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-октябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында социалдык колдоого муктаж болгон Нуриза Кичинебатырованын үйүнө баш бакты. Нуриза Кичинебатырова жолдошу каза болуп, беш баласын жалгыз тарбиялап, багып келе жатат. Алардын болгон үй-бүлөлүк кирешеси жөлөк пул болсо, ал каражат беш баланы бакканга жетпейт. Өкмөт башчы үй-бүлөгө колдоо сөзүн айтып, аларга Кочкор Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Кочкор районунун аймактык ооруканасынын жана Кара-Тоо айылынын орто мектебинин абалы менен таанышты
6
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-октябрда, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында Кочкор районун аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты. Бул оорукана Кочкор районунун 70 миң жашоочусун тейлейт жана 119 орун менен чектелген. Ооруканада реанимация, хирургия менен чогуу бардык зарыл болгон медициналык бөлүмдөрдү кошкондо 240 медицина кызматкери иштейт. Өкмөт башчысы оорукананын стационардык мекемелери менен чогуу оорукананын Уландысы

Транспорт жана жолдор министрлигине унаа жолдорунун туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү иши жүктөлдү
6
Тогуздун айы

Аба-ырайынын начарлашына байланыштуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрилигине коомдук жолдордун туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн толук чараларды көрүү боюнча тапшырма берди. Биринчи кезекте, жолдорду кайра жазоо үчүн зарыл болгон өлчөмдө реагенттерди даярдоо, тамактануу жана түнөө үчүн убактылуу конуштарды орнотуу, транспортторду оңдоого жана тоолу тилкелерде элди эвакуация кылууга жана өзгөчө Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР