7 Тогуздун айы архиви

Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөткөн бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке ашыруу долбоорунун ачылышы башка күнгө жылдырылды
7
Тогуздун айы

Урматтуу кесиптештер! Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровдун жол кырсыгынан улам каза болгондугуна байланыштуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 2017-жылдын 9-октябрына белгиленген Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөткөн бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке ашыруу долбоорунун ачылышы башка күнгө жылдырылды. Ачылыш өтүүчү жайдын ордун жана убакытын алдын ала маалымдайбыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
7
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадаровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болгонуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Анын курамына: – Исаков Сапар Жумакадырович – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; – Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич – Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР