10 Тогуздун айы архиви

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү буга чейин ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды
10
Тогуздун айы

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу жазылган маалыматтарга карата Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  буга чейин ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.»  компаниясы менен түзүлгөн келишимин  бир тараптуу жокко чыгаргандыгы тууралу токтомго Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Келечек бүгүндөн башталат»
10
Тогуздун айы

«Келечек бүгүндөн башталат. Биз Кыргызстандын өнүгүшү үчүн баарын жасайбыз. Үч жыл аралыгында биз «Таза Коом» долбоорун ишке ашырабыз. Бул аралыкта  «Акылдуу шаар» долбоору да толук ишке кирет. Санариптештирүү өлкөдө коррупцияны азайтып, мамлекеттин чыгымдарын оптимизациялап, жарандардын жашоосун жакшырта турганын элдер түшүнө баштады. Бир нече жылдан кийин биз коррупциясыз жашашыбыз керек», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Уландысы

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Штабдын жетекчеси болуп Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бекитилди
10
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк Уландысы

«Дача СУ» айылында жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жана Ведомстволор аралык топтун ишинин жыйынтыгы чыгарылды
10
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 16-январында «Дача СУ» айылында «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясына тиешелүү болгон «Боинг-747» учагынын кыйрашынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жана Ведомстволор аралык топтун жыйынтыктоочу отурумун өткөрдү. Мухамметкалый Абулгазиев авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жана Ведомстволор аралык топтун ишин Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР