11 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты
11
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Кеңештин жыйыны тар чөйрөдө жана кеңири курамда өттү. Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык кеңешинин алкагында кызматташтыкка кирген мамлекеттер ортосунда  мындан аркы интеграцияны бекемдөө аны өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды бекемдөө багытындагы маселелер каралды. Мындан сырткары санариптик экономиканы өнүктүрүү жана Евразия мейкиндигинде санариптик рынокту жолго коюу, Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасындагы абалды талкуулады
11
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчы мындан бир гана Кыргызстандын жарандары эмес, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жабыркап жатканын билдирди. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын Өкмөтүнө чек арадагы Уландысы

ӨБЖ КМШнын отурумунун жыйынтыгында эки эл аралык келишимге жана бир катар чечимдердерге кол коюлду
11
Тогуздун айы

Бүгүн, 11-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекет башчыларынын жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Анда эки эл аралык келишимге жана бир катар чечимдерге кол коюлду: – Россия Федерациясынын аймагында болуу шарттары жөнүндө, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрү боюнча катышуучу мамлекеттердин- Көз карандысыз шериктештигине кирген мамлекеттердин аймагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: Кыргыз Республикасы КМШнын алкагында өз ара кызматташууну бекемдөөнү улантат
11
Тогуздун айы

«Кыргыз Республикасы КМШнын алкагында өз ара кызматташууну  жана өлкөлөр аралык докстук мамилени бекемдөөнү улантат», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкө башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусунда. Өкмөт башчы КМШнын алкагында кызматташуу боюнча Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калганын жана КМШ мамлекеттеринин интеграциясын бекемдөөгө жана Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды чатырлар жана ысык тамак менен камсыз кылууну тапшырды
11
Тогуздун айы

Тиешелүү тапшырманы бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков берди. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы  абалды ошондой эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды  ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү Уландысы

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы – айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураларды түптөөдөгү маанилүү кадам
11
Тогуздун айы

Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы – айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураларды түптөөдөгү маанилүү кадам. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев «Кыргызцентрпродукт»  ЖЧИ тарабынан курулган логистикалык борбордун ачылышында билдирди. «Биздин өлкөнүн экономикасында айыл чарба маанилүү ролду ойнойт. Калктын 65% ашыгы айыл жеринде жашап, айыл чарба тармагында эмгектенет. Муну эске алуу менен Өкмөт айыл чарба Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков ЖЕЭК жана КМШ кезектеги жыйынына катышуу үчүн Сочиге келди
11
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкө башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди. Жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБ алкагында мамлекеттер аралык кызматташтык маселелери тууралуу талкуу болот. Сочи эл арадык аэропортунда Өкмөт башчысы Сапар Исаковду РФ Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР