12 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен жолукту
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен  жолукту. Жолугушуунун башында Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбевдин атынан анын кайрылуусун окуду. Өзүнүн кайрылуусунда мамлекет башчысы Ысык-Көлдүктөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алты жыл аралыгында маанилүү татаал тапшырмаларды ишке ашырууга жетишкенин айткан. Бул жылдар Уландысы

12
Тогуздун айы

  Facebook социалдык  тармагындагы жеке баракчаларда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен чек ара өткөрүү пунктундагы абал боюнча сүйлөштү деген маалымат чыккан. Бирок толук кандуу эки тараптуу сүйлөшүү өткөндүгү тууралуу сөз болгон эмес. Баарлашуу маалында Нурсултан Назарбаев маселени түшүнүү менен кабыл алып, аны чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берерин билдирген. Буга Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: Дарыгерлердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу керек
12
Тогуздун айы

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы жумуш сапарында Ысык-Көл облусундагы бириккен облустук ооруканасына барганда билдирди. Сапар Исаков «Таза Коом» Программасынын алкагында медицина тармагына өзгөчө көңүл буруларын, анын ичинде медицинаны санариптик форматка өткөрүү каралганын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө аталган ооруканада электрондук саламаттыкты сактоо киргизилип, бардык документтер жана бейтаптардын жеке барактары электрондук форматта сакталат. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ички жолдордун курулушу менен таанышты
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл обласуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ички жолдордун курулушу менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары Азимкан Жусубалиев ушул жылы үч көчөнү  асфальттоо каралганын билдирди. Аткарылган иштердин көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 230% жогорулаган, бардык аракеттер мурда бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Мындан тышкары, 2017-жылдын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусунда жашаган эки үй-бүлөдөн кабар алды
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жашаган Жылдызкан Байтурованын үйүнө барды. Жылдызкан Байтурова ар түрдүү жумушта иштеген жолдошу Кененбек Абылгазиев менен үч баланы тарбиялайт. Улуу баласы Чыңгыз мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тизмесинде туруп, ай сайын жөлөк пул алат. Ал эми үй-бүлөнүн социалдык абалы оор. Андан соң Сапар Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кызыл-Суу айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун-сметалык документтерин камсыз кылууну тапшырды
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунундагы Кызыл-Суу айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоору менен таанышты. Кызыл-Суу айылында 13 миңден ашык калк жашайт. Колдонулуп жаткан суу менен камсыз кылуу системасы 1960-жылы түзүлгөн. Бул айыл 2017-2021-жылдарда таза ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу боюнча Дүйнөлүк банктын долбооруна киргизилген. Уландысы

Өкмөттүк экспедиция Кыргызстанга Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдарын өлкөнүн билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн алып келди
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова башында турган Өкмөттүк экспедиция кечээ 11-октябрда, Кыргызстанга Ооганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдарын алардын ата-энелеринин жана жакындарынын коштоосунда өлкөнүн билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн алып келди. Белгилей кетсек, аталган иш чара Кыргыз Республикасы менен Ооганистан Ислам Республикасынын ортосунда мекендештерге колдоо көрсөтүү багытында сүйлөшүлгөн келишимдердин алкагында Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Тоң районунун Оттук айылындагы мектептин имаратын курууга бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырды
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тоң районунун Оттук айылындагы 1966-жылы курулган мектептин абалы менен таанышты. Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев 320 окуучу билим алып жаткан мектептин имараты авариялык абалда экенин билдирди. Өкмөт башчы окуу класстарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР