16 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Түрк тилдүү мамлекеттер шериктештиги Кеңешинин баш катчысы Рамил Гасанов менен жолукту
16
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-октябрда, Түрк  тилдүү мамлекеттер шериктештиги Кеңешинин баш катчысы Рамил Гасанов менен жолукту. Түрк  тилдүү мамлекеттер шериктештиги Кеңешинин баш катчысы Рамил Гасанов маалымдагандай, эл аралык байкоочулар, байкоо миссиясы Кыргыз Республикасында президенттик шайлоону 3 шайлоо участкасындагы саноо жараянына мониторинг жүргүзүүгө катышты. «Миссиянын өкүлдөрү 45 шайлоо участкасындагы шайлоо өнөктүгүнө күбө болду. Алардын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков КМШ байкоочулар миссиясы менен жолукту
16
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-октябрда, КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев башында турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген  өлкөлөрдүн байкоочулар миссиясы менен жолукту. Сергей Лебедев маалымдагандай байкоочулар миссиясынын курамында Шериктештикке кирген 9 мамлекеттен 192 өкүл болгон. Алардын курамына парламентарий, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана дипломаттар кирген. КМШ аткаруу комитетинин төрагасы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө Уландысы

Гульнура Торалиева КР Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды
16
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Торалиева Гульнура Тынчтыкбековна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Гульнура Торалиева Бишкек шаарында 1984-жылы 8-июнда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факутльтетин, 2010-жылы Улуу Британиядагы эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири Лондон Сити Университетинин (City University London) журналистика факультетин аяктап, 2013-жылы Уландысы

Урмат Кабылова Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин пресс-катчысы болуп дайындалды
16
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Кабылова Урмат  Нарзиевна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин пресс-катчысы болуп дайындалды   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эсенгул уулу Чыңгыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
16
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Эсенгул уулу Чыңгыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР