19 Тогуздун айы архиви

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова социалдык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
19
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 19-октябрда, салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө Премьер-министрдин жана  Кыргыз Республкиасынын Өкмөтүнүн атынан социалдык  тармактын кызматкерлерин – социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. «Мээримдүүлүк, боорукерлик иштер кылымдарга жашап келген.Улгайган жарандарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга жана үй-бүлөөлөргө, жалпы элибиздин аярлуу катмарларына Сиздер, урматтуу Уландысы

Эркин Асрандиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды
19
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык  Асрандиев Эркин Шамшудинович Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Фонддун жамаатына жаңы төраганы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө артыкчылыктуу тартип жөнүндө келишим түзүлдү
19
Тогуздун айы

«Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө артыкчылыктуу тартип жөнүндө келишим түзүлдү», – бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 19-октябрда, маалымат берген учурда билдирди. «Кечээ Премьер-министр Сапар Исаковдун Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү мөөнөтүн калыбына келтирүү маселеси боюнча сүйлөшүү болгон. Жумуш сапардын алкагында келишим түзүлүп, тиешелүү протоколго кол коюлган. Уландысы

Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөт башчылары кыргыз-казак чек арасындагы абалды талкуулашты
19
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 18-октябрда Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Жолугушуу маалында эки тараптуу экономикалык кызматташуу багытындагы маанилүү маселелер талкууланды. Тараптар тар жана кеңири курамда чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, ЕАЭБ жана ДСУ көрсөтүлгөн нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен бажы жана Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР