27 Тогуздун айы архиви

Дайыр Кенекеев Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду
27
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Кенекеев Дайыр Атакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү кызматын убактылуу аткаруу биринчи орун басар Чолпонкул Төрөкуловго жүктөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы

Премьер-министр Сапар Исаков жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
27
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-октябрда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерин –Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоосу: «Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргыз коомунун мамлекеттик, саясий-укуктук жашоосунда, ошондой эле укуктук демократиялык мамлекеттик институттарды курууда Уландысы

2017-жылдын 25-октябрында Ереван шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин билдирүүсү боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй билдирүү маанилүү деп эсептейт
27
Тогуздун айы

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин  билдирүүсү, биздин пикирибиз боюнча, Казакстан Республикасынын Бажы биримдигине жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген мыйзам бузуулар менен, айрым маселелер боюнча актанууга багытталгандай болуп жатат жана  чындыкка дал келбейт. Казак тараптын маалыматы боюнча 2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынан тышкары бардык Бажы биримдигине мүчө-өлкөлөрдө  Кытай Эл Республикасынан импорттолгон товарлардын көлөмүнүн төмөндөшү байкалган. Белгилей кетсек, Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Өкмөт түздөн-түз инвестицияларды тартууга жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ниеттенүүдө
27
Тогуздун айы

“Өкмөт түздөн-түз инвестицияларды тартууга жана бизнес үчүн максималдуу түрдө жагымдуу шарттарды түзүүгө ниеттенүүдө”, – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 26-октябрда «МЕДЕФ Интернешнл» уюму боюнча Франция Республикасынын бизнес-делегациясы менен болгон жолугушууда. Иш-чарага Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси  Майкл Ру да катышты. Өкмөт башчы Кыргызстан Франция менен болгон жылуу жана достук мамиленин өнүгүшүнө Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Германиянын Кыргызстандагы элчиси Петер Шольц менен жолукту
27
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-октябрда, Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Петер Шольц менен анын дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолукту. Жолугушууда өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташуу багытындагы талкуу болду. Өкмөт башчы Петер Шольцко Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы алаканы бекемдөөгө зор салым кошкондугун баса белгиледи. Сапар Исаков өзгөчө белгилегендей анын жеке катышуусунда Кыргыз Республикасынын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР