30 Тогуздун айы архиви

Өкмөттүн Аппаратына республика боюнча тез арада мал союучу цехтерди куруу боюнча иш чаралардын планынын долбоору киргизилет
30
Тогуздун айы

Өкмөттүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана КР Өкмөтүнө  караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте республика боюнча тез арада мал союучу цехтерди куруу боюнча иш чаралардын планынын долбоорун киргизүүсү зарыл. Тиешелүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-октябрда, Уландысы

Өкмөт 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды
30
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун  жактырды. Тиешелүү чечим бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу финансы Уландысы

Премьмер министр Сапар Исаков: “Экономикканын туруктуу өсүүсүн сактап, бардык болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарышыбыз керек”
30
Тогуздун айы

” 2017-жылга карата кабыл алынган  экономиканын болжолдуу өсүүсү 3,5 % түзүүсү керек. Ошондуктан ушул жылдын 9 айына карата жыйынтыкты эске алуу менен биз экономиканын туруктуу өсүүсүн сактап, бардык болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылышыбыз керек”,- деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн 30-октябрда өлкөнүн  социалдык-экономикалык өнүгүшүн 2017-жылдын январь- сентябрь айларына карата жыйынтыгын талкуулаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Уландысы

Экономика министри Артем Новиков: «2017-жылдан башынан бери Кыргыз Республикасынын экономикасы экономикалык өсүштүн алгылыктуу динамикасын көрсөтүп келе жатат»
30
Тогуздун айы

«2017-жылдан башынан бери  Кыргыз Республикасынын экономикасы экономикалык өсүштүн алгылыктуу динамикасын көрсөтүп келе жатат»,-деди Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-сентябрында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын талкуулаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында. Ал маалымдагандай КР Улуттук статистикалык комитетинин болжолдуу баасына караганда 2017-жылдын январь-сентябрь айларында ИДП көлөмү 335,0 млрд сомго жетип, реалдуу өсүү Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны
30
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-сентябрында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктары, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда ветерианардык контролду алып салуу боюнча иштер тууралуу жана Кыргыз Республикасынын ветерианардык системасын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин системаларына эквиваленттүү деп таануу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана Уландысы

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан жабыр тарткан ишкерлерди колдоо боюнча чараларды көрүү чечимин кабыл алды
30
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-отябрда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчысы эске салгандай, ушул жылдын 10-октябрында, казак тараптын чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарындагы текшерип өткөрүү эрежелерин күчөткөндүгүнө байланыштуу кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгон. Премьер-министр келип чыккан кырдаалдан Кыргызстандын, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн ишкерлери Уландысы

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев: Бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири
30
Тогуздун айы

Бизнеске ыңгайлуу шарт түзүп, ата-мекендик ишкерлерди колдоо Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев Бишкек шаарында жайгашкан Борбор Азиядагы ири соода түйүндөрүнүн катарындагы  «Стройпарк» курулуш маркетинин ачылыш аземинде билдирди. Вице-премьер-министр өлкөдө ашыкча салык төлөө жана тынымсыз текшерүүлөрдү кыскартуу менен Өкмөт бизнесе ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын баса белгиледи. «Кыргызстанда бизнеске болгон Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР