2 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков КРнын Өзбекстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-ноябрда, Ташкент шаарындагы КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республкиасындагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты. КРнын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков Өкмөт башчысына элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнүн мааниси  өз өлкөсүнүн кадыр Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-ноябрда, Ташкент шаарындагы КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле чек ара жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды. Өкмөт башчы Сапар Исаков Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Премьер-министрдин атынан маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз Республкиасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Иш чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ар бир жарандын жашоосунда улуттук маданияттын орду өзгөчө маанилүү экендигин  баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун атынын маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. «Маданият аркылуу гана элдин асыл-нарк дөөлөттөрү сакталып турат. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков КМШ ӨБК кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкентке келди
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-ноябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына келди. Ташкент шаарындагы Эл аралык аэропортто Өкмөт башчы Сапар Исаковду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Нодир Отажонов тосуп алды. Премьер-министри Сапар Исаковдун КМШ кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР