9 Жетинин айы архиви

Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамкызматынын төрага орун басарлыгы кызматынан бошотулду
9
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Пирназаров Марат Тугөлбаевич берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басарлыгы кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков: «Сүймөнкул Чокморовдун элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат»
9
Жетинин айы

«Сүймөнкул Чокморовдун элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат. Белгилүү инсандын калтырган изи тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылган. Биз – кыргызстандыктар анын элесин дайыма жүрөгүбүздө сактайбыз», — деди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш салтанатында. Өкмөт башчы белгилегендей, таланттуу киноактер, сүрөтчү, кыргыз элинин белгилүү инсанына Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Өлкөнү сапаттуу өнүктүрүүдө жаштардын орду маанилүү»
9
Жетинин айы

«Биз мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуубуз зарыл. Кыргызстандын калкынын 30% ын жаштар түзөт. Бул өтө чоң күч. Мен өлкөнү сапаттуу өнүктүрүүдө жаштардын орду маанилүү экендигине ынанам», — деди бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2020-2030-жылдарга Жаштарды өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу жолугушууда өлкөнүн аймактарынан келген 150 ашуун делегаттарына болгон кайрылуусунда. Өкмөт башчы катышуучуларды Уландысы

Мурад Омоев КР Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды
9
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Омоев Мурад Асылбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Мурад Омоев 1979-жылдын 20-июнунда Токмок шаарында туулган. 1999-жылы АКШнын Айова штатындагы Graceland College экономика жана ишкер башкаруу багытында бакалавр даражасын алган. 2001-2002-жылдары Кыргызстандын ЖОЖдорунда финансы-экономикалык предметтерди окутуу сапатын жогорулатууга багытталган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР