10 Жетинин айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин бүгүн, 10-ноябрда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн кезектеги жыйынына катышты. Жыйын жүүрүшүндө ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн интеграциялык аракеттешүүсүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган 20 маселени талкуулады. Алсак, 2020-жылдын 1-январына чейин убактылуу киргизилчү турбореактивдүү, ортомагистралдык жарандык жүргүнчүлөр учактарын бажы алымдарынан жана салыктардан сегиз жылга Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрдү
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз жыйынын ачууда Премьер-министр Сапар Исаков маалымдагандай, кечээ, 9-ноябрда, Өкмөттүн эки токтомуна кол койгон, ага ылайык, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлөт. «Кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу жаңы түзүмдүк подразделениенин штаттык санын жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Мында башкармалыкка кызматкерлерди ишке алуу Уландысы

Өкмөттө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өнөктөштөр менен өз-ара аракеттешүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө «Жаңы доорго – кырк кадам» өкмөттүк программасын биргелешип ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды. Премьер-министр Сапар Исаков өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө өлкө Өкмөтүнүн демилгелерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков окумуштууларды Илим күнү менен куттуктады
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-ноябрда, КР Улуттук Илимдер академиясында өткөн Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Премьер-министр окумуштууларды кесиптик майрамы менен куттуктоодо Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасында илим өз алдынча багыт катары каралып, анын стратегиялык максаты катары атамекендик илимди өнүктүрүү жана аны эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгуу экендигин белгиледи. Уландысы

Улан Карагулов Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылыйык Карагулов Улан Айтбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын   маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бактыбек Кудайбергенов Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылыйык Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков ЕБ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту
10
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Сапар Исаков белгилегендей, кыргыз тарап ЕБ менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өлкөдө заманбап технологияларды жана жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу менен президенттик Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР