11 Жетинин айы архиви

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн кайра уюштуруу алкагында маморган басма сөз катчылары үчүн тренинг болуп өттү
11
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү болуп кайра уюштурулган. Аталган өзгөртүүлөр бөлүм функциясын кеңейтип, отчеттуулук боюнча ишти күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет. Кайра уюштуруу алкагында бөлүмдө кызматкерлердин штаты көбөйдү. Командага бардык министрлик жана ведомстволордон командировкаланган кызматкерлер кошулду, алар өз мамлекеттик органдарына маалыматтык күн тартибин сапаттуу ишке ашырууга көмөктөшөт. Премьер-министр Уландысы

Өкмөттө «Digital CASA» долбоорун ишке киргизүү боюнча чаралар талкууланды
11
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банк кеңсесинин башчысы Болорма Амгаабазар жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын кеңсе башчысы Мартин Негеле менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө «Digital CASA» долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды. Өкмөт башчы «Таза Коом» улуттук долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Интернет тармагына кошулуу наркын төмөндөтүү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР