17 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз киносунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
17
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-ноябрда, кыргыз киносунун кызматкерлерин кесиптик майрамы –кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоосу: «Урматтуу кыргыз киносунун кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз киносунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Советтик кино мейкиндигинде “Кыргыз керемети” аталган кыргыз фильмдери өзүнүн жандуу тартылышы менен эл аралык, союздук кино форумдардын экрандарынан бир Уландысы

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
17
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 17-ноябрда, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 90 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн атынан айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. «Сиздер биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана жалпы айыл элин иш менен камсыз кылууда, ошондой Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматка мыйзамсыз оюн жана лотереялык ишмердүүлүктүн жана КММ аткезчилигинин алдын алуу жана ачыкка чыгаруу чараларын күчтөндүрүүнү тапшырды
17
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 2017-жылдын 10 айы үчүн ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы кызматтын ишиндеги оңдуу жылыштарды, тактап айтканда, өлкөдөгү экономикалык иштер боюнча келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана коррупциялык кылмыштардын алдын алуу боюнча жетишкендиктерди белгиледи. Мамлекеттик кызматтын төрагасы Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР