23 Жетинин айы архиви

КР Жогорку Кеңеши 2018-жылга республикалык бюджет долбоорун биринчи окууда жактырды
23
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты, анда 2016-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Өкмөттүн отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжолу маселелери каралды. Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик орган жетекчилери катышты. КР Жогорку Кеңешинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча парламентарийлер «Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн Уландысы

КР ЖК депутаты О.М.Артыкбаевдин билдирүүсүнө тийиштүү түшүндүрмө
23
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан алынган сурамага жооп боюнча билдирүүсүнө тийиштүү  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет. Мурдараак Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жетекчисинин “Шылдырак” жайлоосунун аймагындагы үстүбүздөгү жылдын жазында жазгы ташкындан Уландысы

Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды
23
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков: «2018-2020-жылдары ИДПнын реалдуу өсүшү орточо эсеп менен 4,5%дык деңгээлде кармалып турушу пландаштырылууда»
23
Жетинин айы

«Инфляциянын деңгээли 5,1%да сакталып турса, анда  2018-2020-жылдары ИДПнын реалдуу өсүшү орточо эсеп менен 4,5%дык деңгээлде кармалып турушу пландаштырылууда», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн 2016-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжол маселелери каралып жаткан Уландысы

Өкмөт үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин кирешесин 126,8 млрд сомдон 141,5 млрд сомго чейин көтөрүүнү пландаштырууда
23
Жетинин айы

«Өкмөт үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин кирешесин 126,8 млрд сомдон 141,5 млрд сомго чейин көтөрүүнү пландаштырууда», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн 2016-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжол маселелери каралып жаткан учурда билдирди. Өкмөт Уландысы

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 3,8% түздү
23
Жетинин айы

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүүсү 3,8% түздү, өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду. Анын ичинде: айыл чарбасынын көлөмү 3%га реалдуу түрдө өстү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 3%га, курулуш тармагында – 7,4 %га жана өнөр жайда 5,2 %га өсүш болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн 2016-жылкы Уландысы

Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы милдетин аткаруудан бошотулду
23
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Казаков Болсунбек Күмүшбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы милдетин аткаруудан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан бошотулду
23
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Матраимов Райымбек Ысмайылович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР