28 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков «Центерра Голд Инк» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту
28
Жетинин айы

Бүгүн, 28 ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков “Центерра Голд Инк.” компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту. Жолугушуу учурунда биргелешкен кызматташуунун келечеги жана учурдагы абалы талкууланды. Өкмөт башчы кыргыз тарап ири акционер катары компаниянын туруктуу иштешине жана өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. “Өкмөт биргелешкен  натыйжалуу кызматташтыкка жана “Кумтөр” кенине, ошондой эле компанияда иштеген Кыргызстандык жарандарга Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Баткен областында келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды
28
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн,  28-ноябрда, Баткен областын өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Аймактын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат менен Өкмөттүн Баткен областы боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев тааныштырды. Ошондой эле ал Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын жана “Таза коом” улуттук долбоорунун алкагында пландаштырылган жана ишке ашырылган долбоорлор тууралуу билдирди. Мындан тышкары Уландысы

Нурлан Ражабалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
28
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР