Бештин айы 2017 айынын архиви

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү
13
Бештин айы

Стамбул шаарында бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү. Ислам Саммити Иерусалим шаарынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн чакырылган. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы Аль-Кудс шаарынын укуктук жана тарыхый макамынын тегерегиндеги чыңалууга байланыштуу терең бушаймандыгын билдирет, өз кезегинде ал эл аралык Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладештин Президенти Абдул Хамид менен жолугушту
13
Бештин айы

Стамбул шаарында бүгүн, 13-декабрда, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бангладеш Элдик Республикасынын Президенти Абдул Хамид менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бангладеш кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар жеңил өнөр жай тармагындагы кызматаштыктын келечегин талкуулады. Өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында саясий байланыштарды жайгаруу жана чыңдоо зарылдыгы тууралуу Уландысы

КР делегациясы Стамбулда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинин ишине катышууда
13
Бештин айы

Стамбул шаарында бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинин ишине катышууда. Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммити Түркия Республикасынын демилгеси боюнча Иерусалим шаарынын макамы маселеси боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу чакырылган. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов да Уландысы

Канат Керимкулов Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
13
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Керимкулов Канат Айдарбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Кыргызстан Ысык-Көл облусундагы 4 пансионат жайгашкан жер участокторун Өзбекстанга убактылуу колдонууга берүү чечимин кабыл алды
13
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Аталган чечим 1994-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу Келишимдин негизинде кабыл алынды. Белгиленген документ туризмди өңүктүрүүгө жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. Белгилей кетсек, чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун аймагында жайгашкан имарат жана курулуштарга Өзбекстан Республикасынын менчик укугун Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ — Премьер-министр Сапар Исаков жана Өкмөт мүчөлөрү «Саманчынын жолу» спектаклин көрүштү
12
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана административдик ведомство жетекчилери бүгүн, 12-декабрда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрындагы Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы боюнча коюлган спектаклге барышты. Иш-чара белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган. Белгилей кетсек, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы мындай тажрыйба мындан ары улантылат. Алдыда Ч.Айтматов Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Чынгыз Айтматов атындагы КР Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын куттуктады
12
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда, бир катар номинациялар боюнча Чынгыз Айтматов атындагы  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденүүгө сынак жеңүүчүлөрүн куттуктады. Өкмөт башчы жаш лауреаттарга куттук сөз айтып, бүгүнкү иш-чаранын өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүгүн биз улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүндө аны эстеп олтурабыз. Мен Ч.Айтматов атындагы сыйлык ээлерине куттук айтам.Улуу кыргыз Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен «CARs – 3» Программасынын алкагында унаа жолдорун реконструкциялоо маселесин талкуулады
12
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда, Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен Борбор Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу программасынын 3-фазасы («CARs – 3») алкагында Каракол – Балыкчы (Ысык-Көлдүн түштүк жээги) унаа жолдорун реконструкциялоо маселесин талкуулады. Жолугушууга Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгабазар жана Дүйнөлүк Банктын транспорттук долбоорунун жетекчиси Кордула Растоги катышты. Өкмөт башчы Каракол – Уландысы

1 2 3 7
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР