Бештин айы 2017 айынын архиви

Премьер-министр Сапар Исаков жана Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Афганистан Ислам Республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту. Абдулла Абдулла кыргызстандыктарды президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүүсү жана жаңы мамлекет башчынын кызматка киришүүсү менен куттуктады. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экендигин Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Биз идеялар, креативдүүлүк, технологиялар жана инновациялардын эркин жүрүүсү үчүн санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштайбыз»
1
Бештин айы

«Биз маалыматтык технологиялар жаатындагы идеялар, креативдүүлүк, технологиялар жана инновациялардын эркин жүрүүсү үчүн санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштайбыз. Эгерде унаа жана темир жолдору бир багыттуу жол болсо, деңиз жана аба жолу андан көбүрөөк мүмкүндүк берсе, ал эми виртуалдык жолдор миллиондогон мүмкүндүктөргө ээ болот», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи Уландысы

Кыргыз Республикасынын делегациясы кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Астанага учуп кетет
1
Бештин айы

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 1-декабрда, казак тарап менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы “жол карта” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына учуп кетет. Сүйлөшүүлөр кечээ Минск шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааракелик жыйыны алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргызстанга туугандарын көрүүгө келген памирлик кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, бүгүн, 1-декабрда, Кыргызстанга туугандарын көрүүгө келген Чоң жана Кичи Памирдин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Чолпон Султанбекова Чоң жана Кичи Памирде жашаган памирлик кыргыздардын абалына кызыкты. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттоштуруу маселесинде КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу Афганистан Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Чолпон Султанбекованын айтымында, бул Кыргызстанга келген памирлик Уландысы

ММКФ 113 номуру боюнча ачык ыкчам байланыш линиясы ачылды
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ыкчам байланыш линиясынын ачылыш иш-чарасына катышты. Чолпон Султанбекова Ыкчам байланыш линиясынын ачуу маселеси жарандардын ден соолугуна тийиштүү болгондуктан, абдан актуалдуу экенин белгиледи. «Бул түзүлүш калкты госпитализациялоону ыкчам чечүүдө күчтүү инструмент болуп калаарына ишенем. Анткени буга чейин элдер жетиштүү түрдө маалымдалчу Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Жыйындын алдында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды. Тар курамдагы жыйын жүрүшүндө мындан ары Уюмду өнүктүрүү, ШКУ алкагындагы өлкөлөрдүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) 16-жыйынына катышуу алкагында КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Өкмөт башчы Ли Кэцянды Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий партиясынын Туруктуу комитетинин мүчөсү болуп кайрадан шайланышы жана Кытайдын коммунистти партиясынын 19-сьездинин ийгиликтүү өтүшү Уландысы

1 13 14 15
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР