Бештин айы 2017 айынын архиви

Ренат Түлөбердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Түлөбердиев Ренат Темирбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр Нурханбек Момуналиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жамаатына жаны төрагасын тааныштырды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Өкмөт «Кыргыз Республикасынын кичи ишкердүүлүк субъектилерин микрокаржылоо» программасын ишке киргизди
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. «Кичи бизнес микрокаржылоо жаңы аспабынын көмөгү аркылуу өнүгүү үүчүн жаңы дем алат. Жаңы жумушчу орундары түзүлүп, жаңы кичи ишканалар ачылат, экономикабыздын ар-кыл тармактарындагы өндүрүш кеңейтилет», – деди Сапар Исаков. «Кыргыз Республикасынын кичи ишкердүүлүк субъектилерин микрокаржылоо» Программасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-V Уландысы

Мамлекеттик органдардын 15 коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка талапкерлерден документтерди кабыл алуу жарыяланат
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык, Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин,  министрлик жана административдик ведомстволордун ишине байланыштуу тармактардын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жаңы/учурдагы коомдук кеңештеринин курамына шайлоо Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат. Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлерине жаңы турак-жайлардын ачкычтарын тапшырат. Мындан тышкары, Сапар Исаков Нарын облустук ооруканасындагы гемодиализ үчүн алынган жаңы аппаратты көрүп, «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун Уландысы

Сапар Исаков 2017-18-жылкы социалдык обьектилердин курулушу маселесин талкуулап, бир катар тапшырмаларды берди
28
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, 2017-жылкы социалдык обьектилердин курулушун жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө үстүбүздөгү жылга пландаштырылган объектилердин 90% каржыланган. Анын айтымында, пландаштырылган социалдык маанидеги 90 обьектинин 76 объектиси жыйынтыкталган. Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарды Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков дарыялардын нугундагы кендерди колдонууга тыюу салуу боюнча тапшырма берди
28
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, мамлекеттик органдарга дарыялардын нугундагы же жээктериндеги, ошондой эле башка көлмөлөрдүн участкаларындагы кендерге лицензияларды берүүгө тыюу салуу жана мурда берилген лицензияларды кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү туурасында тапшырма берди. Өкмөт башчы Сапар Исаков дарыя нугундагы кырдуу шагылды казуу экологияга, экономикага жана өлкөнүн улуттук коопсузудугуна коркунуч жаратып жатса, иштер улантылбашы Уландысы

Өкмөттө текстилдик жана тигүү тармактарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды
28
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, «Легпром» ассоциациясынын төрагасы Сапар Асановду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө атамекендик текстиль жана тигүү тармактарынын иш жыйынтыктары жана аны өнүктүрүү келечеги, анын ичинде «Легпром» ассоциациясынын ишмердүүлүгү талкууланды. Сапар Асановдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча текстилдик жана тигүү тармактарында 5,2 млрд сом суммасындагы продукция өндүрүлгөн. Анын ичинен Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды
28
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, 2017-жылдын 27-декабрындагы катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, катуу шамалдан улам Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарындагы турак-жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган. Өлкөнүн айрым райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен. Мындан Уландысы

1 2 3 4 15
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР