1 Бештин айы архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ — Премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарындагы ШКУ ӨБК кезектеги жыйынына катышты
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 30-ноябрь – 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) кезектеги жыйынына катышты. ШКУ ӨБК 16-жыйынына катышуу алкагында Өкмөт башчы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян, Афганистандын Аткаруучу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла жана Пакистандын Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Уландысы

Кыргызстандын Өкмөтү МЧЖ колдоо боюнча жигердүү иш алып барат
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды (МЧЖ) колдоо боюнча жигердүү иш алып барат. Өкмөттүн “Жаңы доорго-кырк кадам” долбоору алкагында 28 кадам каралган: «Тең мүмкүнчүлүктөр-коомчулуктун өнүгүшүнүн негизи». Программанын максаттарынын бири  мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды, өзгөчө 16 жашка чейинки балдар, ошондой эле карылар үчүн базалык минималдык стандарттарды камсыздоонун комплекстүү тутумун түзүү. Учурда Өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган жактарга Уландысы

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын 16-отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
1
Бештин айы

Бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын 16-отурумунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге: -ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык  программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча ШКУ Катчылыгынын Отчету жөнүндө; -2016-жылга карата ШКУ бюджетинин аткарылышы боюнча ШКУнун каржы эсептөөлөрү жөнүндө; – ШКУга мүчө мамлекеттеринин ШКУнун каражаттарын жүгүртүү Фондусуна алдын ала төлөмдөрү жөнүндө; Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Кыргызстан Пакистан менен саясий, соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы динамикасын күчөтүүгө даяр»
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) 16-жыйынынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын (ПИР) Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен жолукту. Өкмөт башчы Пакистан менен биргелешкен кызыкчылыкты жараткан бардык спектрлер боюнча ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ар да улантууга өзгөчө Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков жана Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Афганистан Ислам Республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту. Абдулла Абдулла кыргызстандыктарды президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүүсү жана жаңы мамлекет башчынын кызматка киришүүсү менен куттуктады. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экендигин Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Биз идеялар, креативдүүлүк, технологиялар жана инновациялардын эркин жүрүүсү үчүн санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштайбыз»
1
Бештин айы

«Биз маалыматтык технологиялар жаатындагы идеялар, креативдүүлүк, технологиялар жана инновациялардын эркин жүрүүсү үчүн санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштайбыз. Эгерде унаа жана темир жолдору бир багыттуу жол болсо, деңиз жана аба жолу андан көбүрөөк мүмкүндүк берсе, ал эми виртуалдык жолдор миллиондогон мүмкүндүктөргө ээ болот», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи Уландысы

Кыргыз Республикасынын делегациясы кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Астанага учуп кетет
1
Бештин айы

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 1-декабрда, казак тарап менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы “жол карта” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына учуп кетет. Сүйлөшүүлөр кечээ Минск шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааракелик жыйыны алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргызстанга туугандарын көрүүгө келген памирлик кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту
1
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, бүгүн, 1-декабрда, Кыргызстанга туугандарын көрүүгө келген Чоң жана Кичи Памирдин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Чолпон Султанбекова Чоң жана Кичи Памирде жашаган памирлик кыргыздардын абалына кызыкты. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттоштуруу маселесинде КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу Афганистан Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Чолпон Султанбекованын айтымында, бул Кыргызстанга келген памирлик Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР