11 Бештин айы архиви

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: «Саламаттык сактоо тутумундагы жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр адамга жана көп тармактуу моделди түзүүгө багытталышы керек»
11
Бештин айы

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутумундагы жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр адамга жана көп тармактуу моделди түзүүгө багытталышы керек. Кыргызстанда сергек чөйрөнү түзүү жана иштетүү үчүн жарандардын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, бейөкмөт жана эл аралык секторлордун күч-аракетин бириктирүу зарыл», — деп билдирди бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасын2018-2040-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын «Таза коом – Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков БААУга «Достук» орденин тапшырды
11
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-декабрда, Борбордук Азиядагы Америка университетине (БААУ) «Достук» орденин тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 30-августундагы жарлыгы менен БААУга өлкөнүн социалдык-экономикалык, рухий-интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мугалимдердин жана стунденттердин, ошондой эле бүтүндөй жамааттын эмгегин эске алып, ушул чоң сыйлыкты ыйгарган. Премьер-министр өз сөзүндө университеттин профессордук-окутуучу Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Таза коом» боюнча иш-чаралар жыйындысы, биринчи кезекте, калкыбыздын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган»
11
Бештин айы

«Таза коом» улуттук программасы боюнча иш-чаралар жыйындысы, биринчи кезекте, калкыбыздын бакубаттуулугун жеткиликтүү жана сапаттуу медицина, билим берүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү аркылуу жогорулатууга багытталган», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-декабрда, «Кыргызстандагы санариптик Өкмөттүн, санарипик билим берүүнүн жана санариптик медицинанын келечеги» аттуу эл аралык конференцияда. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган программаны ишке ашыруудагы Уландысы

Кубанычбек Кулматов КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды
11
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Кулматов Кубанычбек Кеңешович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Өкмөт башчы белгилегендей, Мамлекетик бажы кызматынын жаңы жетекчилиги астында Кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы абалды жакшыртууга багытталган бир катар так милдеттер коюлган. Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовдун мыкты кесипкөйлүгүн Уландысы

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Ош шаарындагы жумушчу сапарынын алкагында бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышты
11
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 11-декабрда, Ош шаарынын Жапалак айылдык аймак башкармалыгына караштуу Тээке айылындагы № 45 Мырзаев атындагы орто мектептин 275 орундуу окуу корпусунун ачуу аземине катышты. «Сиздердин жакшылыгыңыздарга ортоктош болуп олтурам. Мектебиңер ак жолтой болсун деген каалоомду айтып, бүтүрүүлөрү менен бүтүндөй өлкө сыймыктанат деп ишенем»-деди Дайыр Кенекеев. Вице-премьер-министр Ош шаары социалдык-экономикалык жактан Уландысы

Нурлан Атабаев Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
11
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Атабаев Нурлан Узгенович Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Бакыт Тыналиева Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды
11
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Тыналиева Бакыт Карыбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР