15 Бештин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыкты баштоого расмий старт берди
15
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 15-декабрда, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берди. Өкмөт башчы Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун аймагында 2018-жылдын сентябрь айында өтөөрүн билдирди. Сапар Исаков өз сөзүндө 2012-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан дүйнөлүк коомчулукка Көчмөндөр оюндарынын долбоору сунушталгандыгын эске Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: Өкмөт жана бизнес Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар
15
Бештин айы

«Өкмөт жана бизнес Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар», – деп билдирди Премьер –министр бүгүн, 15-декабрда, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн көмөгү аркылуу жеке инвестицияларды тартуу» аттуу тегерек стөлдүн жүрүшүндө. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бир гана долбоору – гемодиализ клиникаларынын иши боюнча долбоор ишке ашырылган. «МЖӨ жөнүндө мыйзам канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеп жатат деген суроонун Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту
15
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 15-декабрда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту. Жолугушунун жүрүшүндө Өкмөт башчы акыркы мезгилдерде кыргыз-орус мамилелери жаңы сапаттуу баскычка чыккандыгын жана стратегиялык мүнөзгө ээ экендигин канагаттануу менен белгиледи. «Россия Федерациясы менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Премьер-министр катары Өкмөттүн ишинде кыргыз-орус мамилелерин Уландысы

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту
15
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 15-декабрда, 6-кыргыз-россиялык аймак аралык конференцияга катышуу алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады. «Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР