16 Бештин айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн Өкмөттүн бардык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздоону тапшырды
16
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, энергетикалык компаниялар кыштын эң суук күндөрүндөгү милдетин аткарууга өз убагында жана сапаттуу даярданганына байланыштуу, жылытуу мезгилинен баштап энергетика тутуму стабилдүү иштеп келе жатат. Буга катар Токтогул суу Уландысы

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Талас облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди
16
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 15-декабрда Талас облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер калган бардык облустар боюнча өткөрүлгөн. Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өлкө аймактарындагы калктын бакубаттыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууда, буга байланыштуу жалпы Уландысы

Өкмөттө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдын 11 айы боюнча кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты
16
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдын 11 айынын кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кенешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Өкмөт башчыга чек ара коопсуздугун камсыздоо, өткөрүү пунктарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү, товарларды мыйзамсыз кийрүүнүн алдын алуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР