20 Бештин айы архиви

Премьер-Министр Сапар Исаков ЕРОБ өкүлдөрү менен жолукту
20
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 20 декабрда, Евро реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү ЕРОБдун Борбор Азия жана Россиядагы директору Наталья Ханженкова жана Турция, Кыргыз Республикасы, Румыния жана Азербайджандагы директору Таскин Темиз менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр тараптар ортосундагы карым-катнаш өтө бийик деңгээлде экендегинин белгиледи. Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Жаны доорго кырк кадам» Уландысы

«Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында артыкчылыктуу маалыматтык-коммуникациялык долбоорлордун тизмеси толукталды
20
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында бүгүн, 20-декабрда өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңештин кезектеги жыйынында «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу алкагындагы артыкчылыктуу маалыматтык-коммуникациялык долбоорлордун тизмесин толуктоо чечими кабыл алынды. Өкмөт башчы эскерткендей, Кеңештин алгачкы жыйынында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында аныкталган «Таза Уландысы

ЕАЭБ органдарындагы төрагалык кылуу 2018-жылы Россияга өтөт
20
Бештин айы

Евразиялык экономикалык биримдиктеги (ЕАЭБ) төрагалык кылуу 2018-жылы Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразиялык экономикалык коммиссиянын кеңешинин төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 20-декабрда, Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин видеоконференция-байланыш режиминде өткөн кезектеги жыйынында билдирди. Вице-премьер-министр өз сөзүндө бардык мүчө өлкөлөр тарабынан ЕАЭБ Келишимдеринин негиз салуучу эрежелеринин сакталышынын маанилүүлүгүн белгилеп кетти, атап айтканда: Уландысы

Маданият, искусство жана архитектура тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комитеттин курамы бекиди
20
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругу менен маданият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин курамы бекиди. Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирди: Абдыкалыков Акылбек – режиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Комитеттин төрагасы. Комитеттин мүчөлөрү: Ажиев Садабек – скульптор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков улуттук коопсуздук тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
20
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков улуттук коопсуздук тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. «Урматтуу улуттук коопсуздук орган кызматкерлери! Кымбаттуу ардагерлер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Учурда жалпы дүйнөдө, айрыкча Борбордук Азия чөлкөмүндө түзүлгөн абал Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР