26 Бештин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Майлуу-Суу лампа заводунун иши менен таанышты
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК иши менен таанышты. Ишкана ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты техникалык директор Мурзажан Токтабаев сунуштады. Электр лампаларын өндүрүүчү ишканада 2000 ашуун адам эмгектенет. Жылына болжол менен 300 млн электр лампасы чыгарылып, көпчүлүк бөлүгү экспортко жөнөтүлөт. Милдеттүү төлөмдөр боюнча ири карыздарга байланыштуу, ишканада Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Кыргызмунайгаз» ААКты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу зарыл»
26
Бештин айы

«Кыргызмунайгаз» ААКты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу зарыл», – деп билдирди бүгүн, 26-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында жайгашкан ишкананы көрүү учурунда. Өкмөт башчы «Кыргызмунайгаздын» атайы техникалык паркын карап чыгып, ошондой эле эмгек жамаат менен жолукту. Сапар Исаков аймакка келгендигинин негизги максаттарынын бири компаниянын көйгөйлөрү менен Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад шаарында балдар психоневрологиялык стационардык мекемесинин тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен кутуктады
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, Жалал-Абад шаарындагы балдар психоневрологиялык стационардык мекемесинин тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектерди тапшырды. Жалал-Абад шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Сапар Исаков аталган мекеме тарбиялануучулары тарабынан даярдалган жаңы жылдык майрамдык иш-чарага катышты. Өкмөт башчы концерттик программанын соңунда балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Сапар Исаков белгилегендей, Өкмөт социалдык мекемелерди жана алардын тарбиялануучуларын колдоо Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетине барды. Өкмөт башчы окуу корпустарын, аудиторияларды кыдырып көрүп, ЖОЖдун факультеттеринин илимий жана ойлоп табуучу ишмердүүлүгү менен таанышты. Университет ректору Кеңеш Үсөнов ЖОЖду өнүктүрүү боюнча келечек чаралар боюнча маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө университетте ар-кыл багыттар боюнча базалык жана Уландысы

Азамат Араев Өкмөт Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
26
Бештин айы

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Араев Азамат Муратович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барат
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барат. Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар өнөр жай жана социалдык обьектилерин кыдырып, алардын иши менен таанышат. Тактап айтканда, Премьер-министр Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызмунайгаз» ААК жана Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышмакчы. Мындан тышкары, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР