Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Премьер-министр транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда тесттик режимде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү Уландысы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында облустук бириккен оорукананын абалы менен таанышты. Тактап айтканда, Өкмөт башчы медициналык палаталарды кыдырып, япон мамлекети тараптан грант түрүндө берилген гемодиализ үчүн заманбап аппараттын иши менен таанышып, оорукананын медициналык кызматкерлери жана бейтаптар менен маектешти. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, Нарын облустук Уландысы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлери үчүн Нарын шаарында курулган турак-жайлардын ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак-жайлуу болушу менен куттуктап, бул Уландысы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Түлөбердиев Ренат Темирбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр Нурханбек Момуналиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жамаатына жаны төрагасын тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү
Кыргыз Республикасынын тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. «Кичи бизнес микрокаржылоо жаңы аспабынын көмөгү аркылуу өнүгүү үүчүн жаңы дем алат. Жаңы жумушчу орундары түзүлүп, жаңы кичи ишканалар ачылат, экономикабыздын ар-кыл тармактарындагы өндүрүш кеңейтилет», – деди Сапар Исаков. «Кыргыз Республикасынын кичи ишкердүүлүк субъектилерин микрокаржылоо» Программасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-V Уландысы
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык, Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин, министрлик жана административдик ведомстволордун ишине байланыштуу тармактардын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жаңы/учурдагы коомдук кеңештеринин курамына шайлоо Уландысы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат. Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлерине жаңы турак-жайлардын ачкычтарын тапшырат. Мындан тышкары, Сапар Исаков Нарын облустук ооруканасындагы гемодиализ үчүн алынган жаңы аппаратты көрүп, «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун Уландысы