2018 жылдык архиви

Фоторепортаж – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы ошондой эле Нарын шаарынын маарекесине арналган «Нукура» фестивалына барды жана Нарын шаарындагы сүт иштетүү жаңы завод курулуучу жер менен таанышты. Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев спорттук комплекстин иши менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Уландысы

Келерки жылы Нарын облусунда жаңы сүт иштетүүчү завод ишке берилет
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүт иштетүүчү жаңы ишкана курула турган жер менен таанышты. Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 тонна сүттү иштетүүчү ишкана 2019-жылдын жазында ишке берилмекчи. Заводдун ишке берилиши менен жаңы 100 жакын жумушчу орун түзүлөт. Премьер-министр белгилегендей, жергиликтүү бийлик өлкө аймактарын өнүктүрүүгө өз салымын кошуучу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Бир жарым кылымдын ичинде Нарын шаары кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды
21
Аяк оона

«Бир жарым кылымдык узак жолду басып өтүп, Нарын шаары кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган «Нукура» фестивалында сөз сүйлөп жатып. Өкмөт башчы баса белгилегендей, шаардын маарекеси жергиликтүү калк үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн дагы майрам болуп саналат. Премьер-министр дагы бир Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан жылуу куттуктоо сөзүн билдирди. «Бай тарыхка ээ болгон Нарын шаарынын 150 жылдыгын белгилөө – бул чоң майрам. Нарын шаарынын тарыхы батыш менен чыгышты байланыштырып, эл Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов түшүм жыйноону өз мөөнөтүндө жыйынтыктоону тапшырды
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 2018-жылкы жыйым-терим маселеси боюнча селектордук кеңешме өткөрдү. «Айыл чарба өлкө экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп саналат. Акыркы жылдары Өкмөт агроөнөр-жай комплексин колдоо боюнча активдүү саясат жүргүзүүдө. Алсак, фермерледи суу, үрөн, жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан аталган багыттагы иштер өз учурунда аткарылууда», – деп белгиледи Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу – Өкмөттүн башкы артыкчылыктарынын бири
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча ачык аукциондун жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык-айкын, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүлгөн сынак тууралуу маалымат берилди. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы сынак Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат. Анын ичинде Өкмөт башчы М.Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрындагы салтанаттык иш-чарага, ошондой эле шаардын маарекесине арналган «Нукура» фестивалына барат. Мындан тышкары Премьер-министр Нарын шаарындагы жаңы сүт иштетүү заводу курулуучу жер менен таанышат.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБге жаңы химиялык тазалоо цехинин курулушунун жүрүшү менен таанышуу үчүн барды
21
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек ЖЭБге жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушунун жүрүшү менен жеке таанышуу үчүн барды. Кыдыруу учурунда Кубатбек Боронов ошондой эле көмүр кампасынын курулушу, турбиналык жана буу казандар цехинин иши менен таанышты. Ишкананын директору Андрей Воропаев станцияга отундун ташылышы, келерки жылытуу мезгилине карата ЖЭБде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу Уландысы

1 2 3 108
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР