2018 жылдык архиви

Премьер-министр Сапар Исаков дүйнөлүк алдыңкы юридикалык компаниялардын бири «Baker McKenzie» жетекчилиги менен жолугушту
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында дүйнөлүк алдыңкы юридикалык компаниялардын бири «Baker McKenzie» төрагасы Пол Роулинсон менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын кызыкчылык туудурган маселелери боюнча кызматташтыктын келечек багыттары талкууланды. Өкмөт башчы белгилгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономиканын ар кыл тармактарын жана мамлекеттик башкаруу тутумун кеңири масштабда реформалоо, анын Уландысы

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Бишкек-Ош жолундагы май ташуучу унаанын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев үстүбүздөгү жылдын 20-январында Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында Чычкан капчыгайында бензовоздун катышуусунда орун алган жол транспорт кырсыгынын фактысы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Дайыр Кенекеев акыркы учурда бензовоздордун катышуусу менен жол кырсык фактылары арбып жаткандыктан, аталган окуя республиканын жарандары арасында кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу кеңешмеде күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз жол Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Veon» эл аралык телекоммуникациялык компаниянын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы санариптик трансформациялоо боюнча планды талкуулады
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында «Veon» эл аралык телекоммуникациялык компаниянын аткаруучу директору Жан-Ив Шарлье баштаган компания жетекчилиги менен  жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда телекоммуникация тармагын өнүктүрүү, «Veon» компаниясынын өлкөдөгү санариптик трансформация процессине катышуу мүмкүндүгү маселеси жана «Таза Коом» улуттук долбоорун биргелешип ишке ашыруу келечектери талкууланды. Өкмөт Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Давосто бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Орун алган беш жолугушууда Өкмөт башчы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди. Тактап айтканда, дүйнөлүк энергетикалык кеңештин төрагасы, «Дэсун» (Daesung) компаниясынын төрагасы жана аткаруучу директору Ким Ён Уландысы

Кыргызстан жана Армениянын Премьер-министрлери кызматташуунун келечегин талкуулады
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян менен жолугушту. Өкмөт башчылардын жолугушуусунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелери жана келечектүү багыттары талкууланды. Премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык биримдик жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагындагы өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолугушту
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту. Өкмөт башчы Кыргызстан Грузия менен достук мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Сапар Исаков жакынкы арада Бишкек шаарында кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи кеңешмесин Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Physee» инновациялык өнөр жай компаниясынын директору Фердинанд Грапперхаус менен жолугушту
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында «Physee» (Нидерланды) айнек компаниясынын директору Фердинанд Грапперхаус менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айнек өнөр жайындагы биргелешкен кызматташтыктын, ошондой эле инновацияларды киргизүү жана энергиянын альтернативдик булактарын алга жылдыруу келечектери талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр менен жолукту
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23 январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр менен кезгишти. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темасы жана мындан кийинки перспективасы талкууланды. Өкмөт башчы Питер Мауэрге Кыргызстандагы түрдүү гуманитрадык программаларды ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазчылык билдирди. Премьер-министрдин айтымында Кызыл Кресттин ишмердүүлүгү Уландысы

1 11 12 13 14 15 20
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР