2018 жылдык архиви

Вьетнамдын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
22
Бугу

Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министри Нгуен Суан Фук Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктоолорду кабыл алыңыз. Сиздин жетекчилигиңиз менен жаңы өкмөт Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн, анын аймактардагы позициясынын жогорулашын шарттайт жана Вьетнам Уландысы

«Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен алтын өндүрүүчү фабриканын аймагында кырдаалды талкуулоо боюнча жолугушуу өттү
22
Бугу

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 22-майда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрттөө окуяларын талкуулашты. Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ доллары Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Уландысы

Шамиль Бердалиев МБК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
22
Бугу

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Бердалиев Шамиль Шамшиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Жеңиш Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду
22
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Исаков Жеңиш Исаковичти берилген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Өкмөттө бир катар инвестициялык долбоорлор жактырылды
22
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 21-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдар өлкөнүн шаарларында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун калыбына келтирүү боюнча гранттык жана насыялык долбоорлор, салыктык башкарууну модернизациялоо, Бишкек шаарынын түндүк айланып өтүү жолунун реконструкциясы, ошондой эле Борбор Азия аймактык Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту
22
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-майда, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык келишимге байланыштуу маселелерди талкуулады. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын активдеринин негизин түзгөн «Кумтөр» долбооруна жараша, ал дүйнө жүзүндөгү ири кен өндүрүүчү компаниялардын катарына кирээрин белгиледи. «Өкмөт өлкө Уландысы

Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы корпусунун курулушу убактылуу токтотулгандыгына карабастан, жыйынтыкталат
21
Бугу

Балдар онкологиясы жана гематологиясы, ошондой эле чоңдор гематологиясы бөлүмү үчүн жаңы корпустун, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы корпусунун курулушу улантылып, аягына чыгарылат. Мурдараак заманбап жана ыңгайлуу шарттары бар 7 кабаттуу имаратты куруу тууралуу чечим кабыл алынган. Долбоорго ылайык, алдыңкы кабатта жалпы аянты 12.528 чарчы метр келген, балдар жана Уландысы

Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу боюнча кеңешме өттү
21
Бугу

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча көчмө кеңешме өттү.  «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык толук жүрүп жатат. Учурда жолдордун курулушу, Чолпон-Ата ипподромун реконструкциялоо боюнча иштер жүрүүдө. Аны менен катар  суу менен камсыздоо, жогорку ылдамдыктагы Интернет жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери Уландысы

1 2 3 4 57
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР