2018 жылдык архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын, облус жана район жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы ыкмасын даярдоону тездетүүнү тапшырды
17
Тогуздун айы

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы ыкмасын киргизүү маселесин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы баса белгилегендей, аталган демилге Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында кабыл алынууда жана өлкөнүн аймактарын комплекстүү өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын, облус жана райондордун жетекчилеринин отчеттуулук тутумун өркүндөтүү боюнча иштиктүү механизми Уландысы

Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бактыбек Секимовго жүктөлдү
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Секимов Бактыбек Шайыкбаевичке жүктөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу ведомствонун статс-катчысы Каныбек Абдиевге жүктөлдү
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Абдиев Каныбек Маматбековичке жүктөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ипотекалык пайыздык үстөктү гана эмес, турак жайдын баасын дагы төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу зарыл
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. «Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат. Бүгүнкү күнү «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттады», – деп билдирди Мухаммедкалый Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү
16
Тогуздун айы

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү. Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Президенти Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйыны өттү
15
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйында жаштар чөйрөсүндө кырдаалды баалоодо новатордук курал болгон «Кыргыз Республикасынын жаштарынын бакубатчылык жана өнүктүрүү индекси» улуттук изилдөөсүнүн жыйынтыктары жана «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаарларды сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун долбоору тааныштырылды. Жаш муундун адамдык потенциалын өнүктүрүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент депутаттары жана Өкмөт мүчөлөрү арасындагы мини-футбол боюнча турнирге барды
15
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн Футбол федерациясынын футбол борборунда өткөн Кыргыз Республикасынын депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү арасындагы мини-футбол боюнча матчка барды. Парламенттин демилеси боюнча уюштурулган турнирдин катышуучулары менен жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Футбол боюнча улуттук федерациянын республикада футболду жайылтуу жана Уландысы

Жылдыз Полотова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан бошотулду
13
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Полотова Жылдыз Арстанбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2 3 4 5 120
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР