2018 жылдык архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
22
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министи Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.  «Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Энергетика күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Энергетика тармагынын жаралышы менен ар бир үйгө жарык менен жылуулуктун берилиши жеңилдеди. Адамзаттын азыркы жашоосун энергетикасыз элестетүү кыйын. Ал эми экономика, Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков БУУ АУЖКБ аймактык өкүлү менен адам укуктары боюнча актуалдуу темаларды талкуулады
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ришард Коменда менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Вице-премьер-министр БУУ АУЖКБ аймактык өкүлүн Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул окуяга арналган иш-чараларга активдүү катышып жатканын белгиледи. Жеңиш Разаков канааттануу менен Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР ЖК 80 жылдыгына байланыштуу иш-чарага катышты
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгына байланыштуу иш-чарага катышты.  Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан жалпы жарандарды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгы менен куттуктады.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кечээгиси менен бүгүнкүсү бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Кыргызстандын парламентинин тарыхы – Уландысы

Кыргыз Республикасынын 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди
21
Бештин айы

Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рыноктогу атамекендик продукциянын атаандаштыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы №596 токтому аркылуу Кыргыз Республикасында 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилди. Программа экспорттук потенциалга ээ тармактардын: тигүү, кайра иштетилген жер-жемиш продукциясы, сүт тармагынын,  жашыл жана инновациялык прибор куруу Уландысы

Унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси түзүлдү
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп. «Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу МКК караштуу Маалыматтык Уландысы

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү.  Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, бул жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган. Кубатбек Бороновдун айтымында, буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону Уландысы

Өкмөттө инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу чаралары талкууланды
20
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча чаралардын долбоору сунушталган жумуш жыйыны өттү. Замирбек Аскаров баса белгилегендей, Өкмөт республиканын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө, буга байланыштуу өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча чараларды кабыл алуу өтө маанилүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек уулу Адылбек Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Электрондук башкаруу – бул мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жана ачык-айкын жолу
20
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн уюштурулган «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү системасы аркылуу электрондук башкаруу» темасындагы семинарга катышты. Кубатбек Боронов семинарга өз орун басарларын жөнөтүп, келбей койгон министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерин сынга алды. Ал мамлекеттик органдын ар-бир жетекчиси коюлган милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартаарын эскертти. «Бул отурумдун Уландысы

1 2 3 4 5 6 146
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР