8 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков «ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялады
8
Үчтун айы

«Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Буйрукка ылайык, сөгүш Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиковго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Уландысы

Санжар Уметалиев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги өкүлү кызматынан бошотулду
8
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Уметалиев Санжар Болотбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы катары ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү 

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаардык ЖЭБинин абаны булгоосун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды
8
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Бишкек шаарынын ЖЭБинин абага гүлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кездерде борбордун тургундары Бишкектеги абанын булгануусу боюнча адилеттүү сын билдирүүдө. Буга байланыштуу абалды өзгөртүү үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу зарыл. «Улуттук энергетикалык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР