10 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кеңешмесин өткөрдү
10
Үчтун айы

Бүгүн, 10-январда, комиссия мүчөлөрү мурдагы кеңешменин учурунда берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулады. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖККББ) кошумча түрдө 169 штаттык бирдикти киргизген. Башкы башкармалыктын начальниги Канат Жумагазиевдин айтымында, кызматкерлердин жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигине байланыштуу көптөгөн жол тилкелеринде жол коопсуздугу тийиштүү түрдө камсыздалган эмес. Андан соң Уландысы

Бир катар теле жана радио кызматкерлери өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланды
10
Үчтун айы

Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: – Алымбаев Эрнис Темирканович, «Sputnik-Кыргызстан» маалымат жана радио агенттигинин атайын долбоорунун продюссери; – Асымова Дамира Эсенгуловна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын режиссеру; – Жумабекова Нургүл Жумабековна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Уландысы

Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев: Теле жана радио журналисттер аркылуу жарандар дүйнөдөгү акыркы жаңылыктардан ыкчам кабар алууга мүмкүндүк алышат
10
Үчтун айы

Теле жана радио журналисттердин ишинин аркасында өлкөнүн эң алыскы аймактарында жашаган жарандар өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы коомдук-саясый жана маданий жаңылыктарды ыкчам алууга мүмкүндүк алышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев айрым теле жана радио кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйлоо аземинде билдирди. Сыйлоо аземин ачууда Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси Уландысы

Азамат Буржуев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
10
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Буржуев Азамат Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Мирлан Омуралиев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
10
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Омуралиев Мирлан Жумабекович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды
10
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-январда, «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн бир катар адамдарга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Өкмөт башчы кыргыз элинин маданий салттарын, «Манас» эпосун сактоо, ошондой эле аны иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзүү ар дайым өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары эсептелээрин баса белгиледи. «Сиздерге «Манас» эпосун жайылтуу боюнча демилгеңиздер үчүн Уландысы

Татту Мамбеталиева Премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды
10
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Мамбеталиева Татту Эмилбековна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: «Бала асырап алуу тутумунда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу зарыл»
10
Үчтун айы

 «Бала асырап алуу тутумунда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу зарыл», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 10-январда, баланын үй-бүлө чөйрөсүнө, жетим балдарды асырап алууга карата укугун ишке ашыруу жаатындагы тутумду өркүндөтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Вице-премьер-министр адамдык факторду четтетүү менен, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР