11 Үчтун айы архиви

Өкмөт коопсуздук боюнча «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койду
11
Үчтун айы

Бүгүн, 2018-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө өлкөдөгү коопсуздукту жогорулатууга, анын ичинде жол кырсыктарынын, ошондой эле алар боюнча талаштардын санын азайтууга, кылмыштарды ачыктоого, террористтик жана криминалдык коркунучтарга жооп кайтарууга багытталган «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы менен инвестициялык келишимге кол коюлду. Долбоор алкагында долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, Бишкек, Ош шаарларынын аймагында жана Бишкек-Ош Уландысы

Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңеш Глобалдык фонддон СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн гранттык каражат алууга КР өлкөлүк билдирмесин жактырды
11
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанкулованын төрагалыгы астында бүгүн, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги отуруму өттү. Отурумдун күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Глобалдык фонддон 2018-2020-жылдарга кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн гранттык каражат алуу боюнча өлкөлүк билдирмесин жактыруу боюнча маселе каралды. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова маселенин актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдардын ресурстарын унаа жолдорун кардан тазалоо жана кенен жүрүүнү камсыздоо үчүн мобилизациялоону тапшырды
11
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-январда, кышкы мезгилде жалпы пайдалануудагы жолдордон унаалардын кенен өтүүсүн камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы катуу жааган кар негизги республикалык трассалардын узак мөөнөткө жабылышына жана өлкө жарандарына ыңгайсыз абал жаратуусуна себеп болбошу керек деп белгиледи. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жол кызматтары тарабынан ашуудагы Уландысы

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев мыкты муниципалдык тажрыйбалардын V – Эл аралык Форумун өткөрүү алкагында Россиянын шаарлар бирлигинин делегациясы менен жолугушту
11
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 11-январда, Россиянын шаарлар бирлигинин президенти, Челябинск шаардык Думасынын төрагасы Станислав Мошаров жана аталган бирликтин башкы директору Александра Игнатьева баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Дайыр Кенекеев белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башаруу органдары деңгээлинде ассоциациялар жана бирликтер аркылуу кызматташуу достук мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү катары саналат. «Мен Бишкек шаарында мыкты Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР