17 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-январда, Ош шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.  Кеңешме министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда өлкөнүн бардык аймактарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын зарыл маселелерин чечүү боюнча чараларды талкуулоо боюнча мындай кеңешмелер өткөрүлгөн. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Уландысы

Жапаркул Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Ташиев Жапаркул Актаевич мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Калысбек Шадыханов Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, буйрукка кол койду, ага ылайык, Шадыханов Калысбек Токтосунович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков: Кыргызстан менен БУУӨП кызматташтыгы өз-ара байланышта иштешүүнүн ургаалдуу жаңы деңгээлине чыкты
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков БУУ тутумунун Туруктуу координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушту. Өкмөт башчы Озонния Ожиелону Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору жана Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу координатору катары миссиясынын башталышы менен куттуктады. Сапар Исаков Кыргызстан жана БУУнун кызматташуусунун өнүгүшүнө чоң салымын кошкон, буга дейре БУУ тутумунун Туруктуу координатору Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР