19 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Айыл чарба министрлигинин жетекчилигинин дарегине айтылган сынга байланыштуу позициясын билдирди
19
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-январда, жыйында КСДП парламенттик фракциясынын бир катар депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин жетекчилигинин дарегине айтылган сын-пикирине байланыштуу позициясын билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде жана жалпы агрардык сектордо реформалар башталган. Алар Министрликтин функцияларын кайрадан карап Уландысы

Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасы пайдаланууга берилет
19
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси  Женгиз Камил Фырат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ошондой эле Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эл аралык кызматташтык боюнча түрк агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттер аралык эки тараптуу аракеттешүүнүн актуалдуу темаларын, тактап айтканда, социалдык тармактагы кызматташтык маселесин талкуулашты. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР